Шашылыш кабар:

Өкмөт башчы Давостогу экономикалык форумга катышат

Январь 16th, 2018 | by Бахар Хакимова
Өкмөт башчы Давостогу экономикалык форумга катышат
Кыска кабар
0

Өкмөт башчы Сапар Исаков Давостогу Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 23-26-январь күндөрү Швейцариянын Давос аймагында экономикалык багыттагы форум өтөт. Ага премьер-министр менен кошо делегация да барат.

Иш-чара алкагында өкмөт башчы бир катар мамлекеттердин президенттери менен да жолугаары күтүлүүдө.

Быйыл форумга 60тан ашык өлкөнүн жетекчилери, миңден ашык эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышат.

Давостогу экономикалык форум 1971-жылдан бери дүйнөдөгү курч темаларды талкуулоонун аянтчасы болуп келет.

Comments are closed.