Шашылыш кабар:

Аскер кызматын өтөгөндөргө окууга тапшырууда артыкчылык берилет

Январь 16th, 2018 | by Бахар Хакимова
Аскер кызматын өтөгөндөргө окууга тапшырууда артыкчылык берилет
Кыска кабар
0

Аскер кызматын өтөгөн жарандарга кесиптик жана жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылык берилет. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

15-январда президент Сооронбай Жээнбеков «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, мөөнөттүк аскер кызматынан өткөн адамдар башталгыч, кесиптик жана жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылык укукка ээ болушат.

Мындан тышкары мөөнөттүк аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжасы 3 жыл ичинде жарактуу болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Comments are closed.