Шашылыш кабар:

Садалиев: Дача-Суну көчүрүү маселеси каралат

Январь 16th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Садалиев: Дача-Суну көчүрүү маселеси каралат
Күн Чабыт
0

«Манас» аба майданына жакын жерде жайгашкан Дача-Су айлына кулаган учакка бүгүн туура бир жыл болду. 2017-жылдын 16-январь күнү, таңга жуук «Боинг-747» жүк ташуучу учагы Дача Сунун үстүнө кулаган. Кырсыктан 34 кыргыз жараны жана 4 учкуч каза болгон.

Биз Дача-Сунун тагдыры тууралуу Сокулук районун акиминин орун басары Улан Садалиев менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Дача Судагы авиакырсыкка бир жыл болду. Аталган аймак дача болгону менен элдер отурукташып, жашап алышкан. Негизи ал жерге туруктуу жашаганга уруксат берилгенби?

Улан Садалиев: Бул маселе көп жылдан бери көтөрүлүп келет, бирок аталган жерде жарандар дагы деле жашап жатышат. Кырсыктан бир жыл өтүп учурда өкмөт иштерди жаңы эле аяктап, түрк компаниясынын кенемтесин, элден чогултулган акча каражатты бөлүштүрүү иштери жыйынтыкталды. Элди көчүрүү маселеси өкмөт тарабынан эми карала баштайт. Комиссия дагы түзүлгөн.

Марал: «Дача-Сунун жашоочуларын башка жерге көчүрүү маселеси каралат» деп айтпадыңызбы, кайсы аймакка көчүрүлүшү мүмкүн?

Улан Садалиев: Азыр толук айта албайм. Себеби азыр Сокулук районун ала турган болсок бизде трансформацияланган жер жок. Өзүңүздөр билгендей, учурда жерлерди трансформациялоого мораторий киргизилген. Эгер жер маселеси чечилсе калган иштер өкмөт тарабынан кадам-кадам менен каралат деп ойлойм. Бул маселени бир ведомство же министрлик чече албайт экен. Ал ведомстволор аралык комиссия чече турчу иш.

Марал: Элдер Дача-Судан орун-очок таап алышты да. Бул аймакта канча түтүн жашаары боюнча сиздерде маалымат барбы?

Улан Садалиев: Ооба, бизде ал жерде канча киши, канча үй-бүлө жашаары боюнча так маалыматтар бар. Ушул жерден баса белгилеп айта кетчү нерсе, ал аймакта туруктуу жашагандар дагы, утурумдук гана мезгилдерде жашагандар дагы бар. Ошондой эле батирде жашагандар бар. Демек Дача-Суда күн кечиргендерди 3 топко бөлсөк болот. Аталган жер аэропортко жакын болгонуна байланыштуу батирге чыгып алгандар жана талаачылык иштер менен алектенген кишилер дагы басымдуу.

Фото: Дача-Судагы турак-үй 15-январь, 2018-жыл

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache