Шашылыш кабар:

Премьер-министр өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулукту ооздуктоону тапшырды

Январь 16th, 2018 | by Бахар Хакимова
Премьер-министр өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулукту ооздуктоону тапшырды
Кыска кабар
0

Премьер-министр Сапар Исаков жарандардын коопсуздугун талаптагыдай камсыздоону тапшырды. Бул тууралуу ал 15-январда, өлкөдөгү криминогендик абалды талкуулоо боюнча кеңешмеде айтты.

Сапар Исаков Ички иштер министрлигине өлкөдөгү криминогендик абалды жакшыртуу, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жашы жете электер арасында профилактикалык иш-чараларды күчтөндүрүүнү тапшырды.

Ички иштер министри Улан Исраилов маалымдагандай, бүгүнкү күндө кылмыштарды иликтөөнүн сапатын жогорулатууга, укук бузуулардын алдын алууга басым жасалууда. Анын айтымында, кылмыштар боюнча негизги күч Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келет.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов маалымдагандай, учурда «Кылмыштарды каттоого алуунун электрондук китеби» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүү аракети жүрүүдө.

Аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча ишти жыйынтыктоо үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын соңуна пландаштырылууда.

Сапар Исаков Ички иштер министрлигине өлкөдөгү криминогендик абалды жакшыртуу, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жашы жете электер арасында профилактикалык иш-чараларды күчтөндүрүү боюнча активдүү ишти улантууну тапшырды.

 

Comments are closed.