Шашылыш кабар:

Арунова: Аракет кылса баары болот

Январь 15th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Арунова:  Аракет кылса баары болот
Радио желе
0

“Марал” радиосунун “Радио желе” программасынын кезектеги коногу ырчы Бурулсун Арунова болду. Ырчы чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу кызыктуу маек куруп берди. 

Бурул Арунова 1989-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулган. Бийиктиктен коркот. Ыр жызып, музыка укканды жакшы көрөт. Сахнага алгач 2007-жылы жаңы жыл жөнүндө ырдап чыккан.

Үйрөтүп жүрүп, үйрөндүм…

Үй-бүлөдө 4 бир тууганмын, мен эң кичүүсүмүн. Баарыбыз кыз болгондуктан, менден кийинки наристе уул болсун деген тилек менен атымды Бурулсун деп коюшкан экен. «Артка кайтып эмнени өзгөртөсүң?» десе атымды өзгөртмөкмүн. Мектепте өзүмдөн улуу эжем менен классташ болуп калдым. Эжем кыйын кыз эле. А мен активдүү, ошол эле учурда эрке кыз болдум. Учурда мугалимдик кесипти да аркалайм.  Гуманитардык гимназияда жеткинчектерге ырдоо, бийлөө, сахнада өзүн алып жүрүү маданиятын үйрөтөм. Устат болом деп такшалдым.

Келечекке эч ким кепилдик бере албайт…

Чыгармачылыкка кокус аралашып калган жокмун. Ырчы болуу балалык кыялым эле. Мектепти аяктап, музыкалып билим алдым. Шоу бизнеске болгон сапарым узак убакытты алды. Анткени талант, тааныш ошол эле учурда каражат керек экен. Шоу бизнеске аралашканыма 3 жылдын жүзү болду. Ырдап кетүү айрымдар үчүн оңой болушу мүмкүн. Чыгармачылык олуттуу мамиле талап кылат. Ал үчүн каалоо, аракет болуш керек. Негизгиси чыгармачылыкта жашаш керек. Азыр актриса болуп киного тартылуу оюм да, талантым да жок. Мүмкүн кийинчерээк жакшы сунуш түшсө, балким тасмага да тартылып калам. Келечекке эч ким кепилдик бере албайт.

Жүрөктө кусалуу сезимдер бар эле…

Чыгармалар талапка жараша тандалат. Буга чейин өзүмө жаккан ырларды аткарат элем. «Азыр элге жагат бекен?» деп ойлонуп калдым. Элдин ырды кандай кабыл алганын жүзүнөн, кол чапканынан дароо байкаса болот. Түрк эли “Сенден башка” ырын жакшы кабыл алышты.  Ал эми “Сагынычым” ырынын тарыхы жөнөкөй. Чыгармачыл адам катары жакшы ыр издеп жүргөн элем. Көксөгөнүмө жетип, ырдап калдым. Көптөгөн жакшы ой-пикир айтылып жатат. Чыгармаларың элдин жүрөгүнөн түнөк тапканы ырчы үчүн чон сыймык. Ырдын сөздөр да жан дүйнөмө жакын болду. Жүрөктө кусалуу сезимдер бар эле…

Өз арабамды өзүм тартып келем…

2018-жылды да жаңы клип менен баштадым. Пландар көп. чыгармачылыкта бир-эки тепкичке көтөрүлсөм дейм. Иштеп акча топтоп, ийгиликке жетип жатам. Биринчи клипти тартканда туугандар жардам берген.  Аракет кылса баары болот. 2017-жыл жемиштүү жылдардан болуп, 3 клип тартканга жетиштим. Наам алуу боюнча ойлоно элекмин, азырынча эрте. Аны мен эмес, наам берчү  адамдар ойлонсун. Алдыда өзүмдү масштабдуу музыкалык каналды жетектеген башчы, жаш таланттарга жол көрсөткөн продюсер катары көрөм. Жеткиликтүү ырларды аткарып, эл оозунда калгым келет.

Кыялымдагы киши жөнөкөй болсо…

Сулуулук жан дүйнөнүн күзгүсү. Адамды сулуу көрсөткөн анын көзү. Сулуу болуш үчүн таза, тыкан жүрүш керек. Мындан сырткары спорт менен дос болгон жакшы. Анткени ал ден соолук үчүн да, сулуулук үчүн да маанилүү. Кыялымдагы киши жөнөкөй болсо. Үй-бүлөсүнөн татыктуу тарбия алган. Бир туугандарына сый мамиле кылган мырзалар жагат. Ошол эле учурда аял затын сыйлап, оокатка тың жигиттерге кызыгам. Апакемдин ак сүтүн жакшы жүрүм-турум, кылган аракетим менен актайм. Мен иштеримдин баарын апама арнайм. Анткени ал — чыгармачылыгымды колдогон алгачкы инсан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache