Шашылыш кабар:

Мединфо: Өсүмдүк майынын биз билбеген пайдалары

Январь 15th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Мединфо: Өсүмдүк майынын биз билбеген пайдалары
Ден соолук
0

Өсүмдүк майлары тамактануудагы негизги азыктардын бири. Учурда сатыкта алардын түрлөрү пайда болду. Өсүмдүк майлары эмнеси менен ден соолукка пайда? Аларды кантип тандаш керек?

Зайтун майы

Зайтун майынын курамында А, В, С, D жана Е витаминдери ээрип, организмге олуттуу зыян келтирүүчү эркин радикалдар менен активдүү күрөшөт. Ошондой эле бул витаминдер сөөк жана булчуң ткандарын бекемдейт. Ашказан, ичегилердин ишин жакшыртат. Зайтун майы боор оорусу менен жабыркагандарга пайдалуу. Күн сайын ач карын бир кашыктан зайтун майын ичип турсаңыз болот. Атайын диета катары сунушталган лимон ширеси менен зайтун майынын аралашмасы организмди калдыктардан толук тазалайт.

Зыгыр майы

Заманбап изилдөөлөр көрсөткөндөй, зыгыр майын тамак-аштарга колдонуу инсульт коркунучун 37% кыскартат. Бул май диабет, ар кандай жүрөк ооруларын артка калтырат. Элдик медицинада аталган майды зарнага жана ар кандай жараларга каршы колдонушат. Мындан сырткары биологиялык баалуулугу жагынан майлардын арасында биринчи орунда турат. Зыгырдын данында 46% F жана көп өлчөмдө А, Е витаминдери бар. Эгерде омега-6 бир топ өсүмдүк майларында болсо, омега-3 жетиштүү деңгээлде зыгыр майында жана балык майында гана бар. Бул май аялдар үчүн өзгөчө касиеттерге ээ. Аны үзгүлтүксүз колдонууда теринин жана чачтын абалы жакшырат. Нерв системасы бекемделет. Көздүн көрүүсү да курчуйт.

Күнкарама майы

Бул май А, D, Е витаминдерине, фосфор жана йодго бай. Е витамини зайтун майына караганда күн карама майында 12 эсеге көп. Бул витамин эске тутууну жакшыртат. Белог менен углеводдордун алмашуу процессине катышат. Ал эми бул майдын курамындагы F витамини боордун жана кан тамырдын клеткаларына оң таасирин тийгизет. Бирок күн карама майы калориялуу болгондуктан ашыкча салмактан жапа чеккенден абайлаш керек.

Пахта майы

Пахта майы биологиялык баалуулугу жагынан өзгөчөлөнбөйт. Мында “госсипол” аттуу уулуу зат бар. Андыктан майдын бул түрүн актабай туруп иштетүүгө болбойт.

Рафинатталган май

Рафинаттоо бул — майды жогорку температурада кызытуу жолу аркылуу анын курамындагы зыяндуу заттарды тазалоо. Беш-алты баскычта тазаланганда майдын жагымдуу жыты да, витаминдери да калбайт. Эгерде рафинатталган майдын сыртында А жана Е витаминдери бар деген жазуу болсо да бул чындыкка туура келбейт. Тазалоодон калган витаминдердин кенедей бөлүгү жарыктын таасиринен жок болуп кетет. Рафинатталган майдын азыктык баалуулугу нөлгө барабар. Бирок ал тамакка иштетүүдө өтө ыңгайлуу. Колдонгондо көбүк пайда болбойт. Кескин жыты жана ачуу даамы жок. Сакталуу мөөнөтү да узак болот.

Рафинатталбаган май

Рафинатталбаган май даамын, пайдалуу витаминдерин сактаган менен ден соолукка өтө кооптуу. Анткени рафинатталбаган майды такай колдонуудан улам майдын курамындагы зыяндуу заттар организмге топтолуп отуруп, ар кандай ооруулардын жаралышына түрткү болушу мүмкүн.   

Өсүмдүк майлары

Баардык өсүмдүк майында холестерин жок. Холестерин жүрөк кан тамыр ооруларынын өрчүшүн шарттайт. Мындан сырткары, өсүмдүк майларында антиоксиданттар бар. Алар организмдин картаюу процессин жайлатат. Бул майларда А, D,  Е витаминдери бар. Алар теринин абалын жакшыртып, кан басымдын түшүшүнө жардам берет. Зат алмашууну жана кандагы холестериндин деңгээлин калыпка салат. Е витаминин өсүмдүк майынан башка азыктардан жетиштүү деңгээлде алуу мүмкүн эмес.

Comments are closed.