Шашылыш кабар:

«Түнкү кырсык» тасмасынын чыгармачыл тобуна алкыш жарыяланды

Январь 13, 2018 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
28

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 13-январда эл аралык «Темные ночи» кинофестивалында Гран-При сыйлыгына ээ болгон «Түнкү кырсык» тасмасынын чыгармачыл тобуна алкыш жарыялады. Атап айтканда, кино ишмерлери Темирбек Бирназаров, Акылбек Абдыкалыков, Байышбек Исманов жана Кобилжон Хамидовго өкмөт башчы өкмөттүк сыйлыктар тапшырды.

Сапар Исаков белгилегендей, ата мекендик кинематографисттер өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошууда.

«Биздин максатыбыз – өлкөдө искусствону, кинону, ошондой эле актер жана режиссерлордун жеке өсүүсүн өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн кыргыз киносунун мурдагы атагын кайтаруу болуп саналат. Кино аркылуу биз дүйнө жүзүнө кайталангыс өлкөбүздү тааныта алабыз. Ошондуктан биз киномектепти өнүктүрүүгө орчундуу каражаттарды салабыз. Бирок алгач кинематографисттердин иштөөсү үчүн материалдык жана инфраструктуралык жаатта бардык шарттарды түзүүбүз керек», — деди Сапар Исаков.

 

«Түнкү кырсык» улуттук көркөм фильми 2017-жылдын башында Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясында тартылган.

Тасма киностудиянын бекитилген чыгармачыл-өндүрүштүк программасына ылайык, 100% мамлекеттик каржылоо аркасында «Кыргызфильмдин» учурдагы техникалык базасын пайдалануу менен тартылган.  Фильмди тартууга 10 ай керектелген. Кыргыз тилиндеги тасманын узактыгы 90 мүнөт саналып, фильмдин сметалык наркы – 6,0 млн сомду түзгөн.

Тасма Ысык-Көл жээгинде тартылган. Башкы ролдордо – Кыргыз Республикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыков жана киноактриса Дина Джейкоб.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *