Шашылыш кабар:

Дача-Суда учак кырсыгынан каза болгондорго эстелик ачылды

Январь 13, 2018 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
56

Бүгүн, 13-январда Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-СУ айылында 2017-жылдын 16-январында кулаган учак кырсыгында каза тапкандарга эстелик ачылды.

Аны ачуу алдында маркумдарга арналып Куран окулду жана жакындарын жоготкон кишилерге көңүл айтуу сөздөрүнө орун берилди.

Иш-чарага маркумдардын жакын туугандары, айыл жашоочулары, өкмөт өкүлдөрү жана Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мухамметкалый Абулгазиев катышты. Ошондой эле, учак кырсыгынан каза тапкан маркумдарды эскерүүгө Түркия элчилигинин кызматкерлери дагы келишти.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын 16-январдын таңында түркиялык ACT Airlines авиакомпаниясынын Boeing-747 учагы Гонконг—Бишкек—Стамбул багытында келе жатып, «Манас» аба майданына коно албай Дача-СУ айылына кулаган. Ал кырсыктан 35 айыл тургуну жана учак экипажынан 4 киши каза тапкан. Каза болгондордун арасында 13 бала болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *