Шашылыш кабар:

Улуу Британия элчиси Кыргызстандын бизнес мүмкүнчүлүгүн жарнамалайт

Январь 13th, 2018 | by Субанбек Исмакеев
Улуу Британия элчиси Кыргызстандын бизнес мүмкүнчүлүгүн жарнамалайт
Кыска кабар
0

2017-жылдын 9 айында Улуу Британиядан Кыргызстандын экономикасына салынган түз инвестициянын көлөмү 27,6 млн долларды түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 44 эсе өстү. Ал эми 10 айдагы эки өлкө ортосундагы соода-сатык көлөмү 15,1 АКШ долларына жеткен. Бул тууралуу КР Экономика министри Артем Новиков 12-январда Улуу Британия мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит мырза менен жолугушууда билдирди.

Министрдин айтымында, Улуу Британия Кыргызстандын эң башкы донор өлкөлөрүнүн бири болуп саналат. Ал эми элчи Робин Орд-Смит өткөн жылы эки өлкө ортосунда экономикалык жаатта, ошондой эле, башка тармактарда да кызматташуу боюнча жакшы жылыштар болгонун белгиледи. Аны менен бирге элчи өз өлкөсүнө Кыргызстандагы бизнес тууралуу мүмкүн болушунча маалымат берүүнү өз милдети деп эсептей турганын айтты, анткени көпчүлүк компаниялар Кыргызстандын бизнес мүмкүнчүлүктөрү тууралуу көп биле бербей турганын кошумчалады.

Жолугушуу соңунда министр Артем Новиков Улуу Британиянын DFID Эл аралык өнүктүрүү департаментинин Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн элчиге ыраазычылык билдирди.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache