Шашылыш кабар:

16-январга чейин кар жаап, тоолордо кар көчкү жүрүүсү күтүлөт

Январь 13, 2018 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
26

2018-жылдын 13-январынан 16-январга чейин туруксуз аба-ырайы сакталып турат: 14-16-январда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт. 13-январда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -2…-7° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйыңдатат.

Ошондой эле, 16-январга чейин бийик тоолуу райондордо, Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *