Шашылыш кабар:

“Акылдуу шаар” долбоору боюнча жумушчу топ түзүлдү

Январь 13, 2018 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
35

Бишкек мэриясынын кызматкерлери “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча China Veterans Capital Management жана Huawei Technologies Co., Ltd компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анда айтылган боюнча, долбоор алкагында Бишкектин 123 көчө кесилишине фото жана видеофиксация камераларын орнотуу каралууда. Ошондой эле, шаардын киши көп топтолгон жерлерине дагы видео көзөмөл жабдуулары жайгаштырылат.

“Акылдуу шаар” долбоорунун дагы бир багыты, борбор калаанын билим берүү мекемелеринде учурда иштеп жаткан видеокамералар тармагын өркүндөтүү болуп саналат.

Ал эми жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек мэриясы менен кытайлык компаниянын кызматкерлеринен жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Эске салсак, 11-январда Кыргыз Өкмөтү кытайлык «China Veterans Capital Management» компаниясы менен “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишим түзгөн. Ал келишимге ылайык, долбоорго 60 млн долларлык инвестиция салынат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *