Шашылыш кабар:

Бишкек ИИБ жаштарды кайгуул-күзөт кызматына ишке чакырууда

Январь 13, 2018 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
31

Кайгуул-күзөт полку түзүлгөнүнө байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 30 жашка чейинки улан-кыздарды кызматка чакырууда. Ал үчүн аскер кызматына барган же болбосо аскер кызматына жарактуу деп таанылып альтернитивалуу кызмат өтөгөн жарандар кайрыла алышат. Бул тууралуу Бишкек ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Андан тышкары, талапкерлерден атайын орто билими тууралуу диплом, 11-классты бүткөндүгү тууралуу аттестат жана альтернативдүү кызмат өтөгөнү боюнча аскер билети талап кылынат. Ошондой эле, жигиттердин бою 170 см, кыздардыкы 168 см кем болбошу керек. Аскерге барган жана жогорку окуу жайында аскердик кафедраны окуган запастагы офицер наамы барлар дагы кызматка талапкер боло алышат.

Эске салсак, милиция болуп иштөөгө документ тапшыргысы келгендер Горький көчөсү, 20 дарегиндеги кеңсенин 3-кабатында №305 бөлмөгө кайрылышса болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *