Шашылыш кабар:

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы ишке кирет

Январь 13, 2018 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
30

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы эми кыргыз жарандар үчүн жеткиликтүү болот.  Атап айтканда 15-январда юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн  www.legalmap.gov.kg интерактивдүү картасы расмий ишке кирет. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Интерактивдүү карта жарандардын укуктук маалыматка жетүүсүн жакшыртат жана юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдү издөө процессин жеңилдетет. Министрликтен билдиргендей, Картада бүткүл республика боюнча 1 473 юридикалык кызмат көрсөтүүчү жөнүндө маалымат камтылган.

Алардын арасында мамлекеттик жана коомдук уюмдар бар. Андан тышкары, акысыз юридикалык жардам борборлору, соттор, прокуратуралар, милиция бөлүмдөрү, аймактык адвокатуралар, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыктар, нотариустар, акысыз юристтер жана адвокаттар, кризистик борборлор, аксакалдар соттору, аялдардын кеңештери, менчик юридикалык фирмалар, жеке адвокаттар ж.б.

Интерактивдүү карта 2015-жылы эл аралык уюмдардын колдоосунда Юстиция министрлиги тарабынан түзүлгөн. 2017-жылы USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда карта олуттуу түрдө жакшырды жана орус, кыргыз тилдеринде жеткиликтүү. Эми жарандар керектүү юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдү оңой жана тез таба алышат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *