Шашылыш кабар:

ЕӨРБ насостук станцияларды жаңылоо жана курууга $11,1 млн бөлөт

Январь 13, 2018 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
33

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргызстандын насостук станцияларын калыбына келтирүү жана куруу долбооруна $11,1 млн бөлөт. Анын $3,9 млн грант түрүндө, $7,2 млн насыя катары берилет. Бул боюнча гранттык жана насыялык макулдашууну ратификациялоо Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.

Маалымат боюнча, долбоор алкагында Кыргызстанга колдоо катары техникалык жардам көрсөтүлөт. Долбоорду биринчи бөлүгүндө “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасынын тармактык насостук станцияларын алмаштыруу, жылуулук жеткирүү тармагынын режимин көзөмөлдөө жана суу менен жылуулук бөлүштүрүүгө мониторинг жүргүзүү тутуму ишке киргизүү жүргүзүлөт.

Ал эми экинчи бөлүгүндө Бишкек шаарынын Чүй көчөсүнө №3 насостук станциясы курулат.

Макулдашууга ылайык, алынган каражаттар “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы тарабынан өздөштүрүлүп, кайра төлөнүп берилет. Мамлекеттик бюджетке кошумча оорчулук жаратпайт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *