Шашылыш кабар:

Омар: Адамдын сулуулугу адебинде

Январь 12th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Омар: Адамдын сулуулугу адебинде
Радио желе
0

“Марал” радиосунун “Радио желе” программасынын кезектеги коногу маданияттын мыкты кызматкери, эстрада ырчысы Омар болду. Ырчы чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу кызыктуу маек куруп берди. 

Өмүрбек Жанышов 1989-жылы Бишкек шаарында туулган. Жөргөмүштөн коркот. Спорт менен машыкканды жакшы көрөт. Сахнага алгач 2007-жылы “Где ты?” деген ыры менен чыккан.

«Үйлөнгөн кандай экен» дегендер арбыды…

2017-жыл ооматтуу жылдардан болду. Үйлөндүм, көпчүлүктү сүйүнттүм. Эмгектенгенге жараша үзүр алдыкҮйлөнгөнгө чейин «качан үйлөнөсүң?» деген суроо көп берилсе, эми «үйлөнгөн кандай экен?» дегендер арбыды. «Жалгыздык Жаратканга гана таандык» деген жакшы сөз бар. Кудай насип кылып, отузга чукулдап калганда үйлөндүм. Негизи бир үй-бүлөнүн атасы болуп, үй-бүлө күткөн жакшы.

Жубайым менен жумуш үстүндө таанышкам. Нике кайып экен үйлөнүп калдым. Жалгыз күйөө баламын. Апамдын көңүлү ток. Ата-энелердин ыраазычылыгын издейбиз. Келинчегим да колдон келген аракетин жасап жатат. Көп балалуу болгум келет. Балдарымдын аты кыргызча эле болот. Өзүм абалга жараша ураан коём. Жашоодо туруктуу эмесмин, кээде өзгөрүүгө туура келет. Кой сойгонду билем.

Омар “Мага жар керек” деген ырды өзүнүн вариантында ырдап берди.

Адамдын сулуулугу адебинде…

Негизи Куранга, сүннөткө жараша жүрөм. Ар бир адам сулуу жаратылган. Адамды дагы да көркөм кылган анын жүрүм-туруму, жакшы адеп-ахлагы. Сүйлөгөн сөзү менен кылган иши төп келсе мыкты инсан болот. «Садаканы ачык да, жашыруун да бергиле» деген хадис бар. Башкаларга үлгү болсун деген ниетте айрым кайрымдуулук иштеримди жарыялап коём. Бирок «эл көрсүн» дегенден алысмын. Кандай гана аш болбосун чын жүрөктөн аткарган маанилүү.

Silk Way Star сынагында өлкө желегин желбиреттик…

Сынак үч жарым айга созулду. Уюштуруучулар өздөрү тандап чакырышты. Шайлоодо иштесемби же сынакка катышсамбы деп бир жумадай ойлондум. Башында баш тарткам, бирок атамдын кеңеши менен кайра катыштым. Байкелер колдоо көрсөттү. Биринчиликке татыктуу болдум деп айткандан алысмын. Катышуучулардын баары өз жанрларында мыкты ырдашат.  Сахнада ырдап жатып, ырдын тексттин ойлондум. Себеби бир эки күндө жаңы ыр жаттап жаттык.

Мен андай эмесмин…

Батыштын стилинде мыкты чеберлерди «фирмач» деп коёт. Мен андай эмесмин. Кандай ыр угуп чоңойсоң ошого жараша жанр калыптанат экен.  Кыргызстанда бир стилди кармануу актуалдуу эмес. Женижок, Токтогулдай пайдалуу ырчы болгум келет. Ырларым коомду тарбияласа деп тилейм. Жаштарды адепке, мекенчилдикке, ата-энеге болгон урматка чакырган чыгармаларды чыгарсам дейм. Ырчылар да көбөйдү. Элди таң калтырам деп ашыкча кадамдарга барбайм. Катуу сайрандоодон алысмын. Адебим уруксат берген иштерди гана аткарам.

Өнөр болсо өзү эле чыгат…

Өнөр болсо өзү эле чыгат. Шакирттерди даярдоо ниетим жок. Кандай гана сыйлык болбосун, «эл сүйгөн ырчы» дегенден өтөөрү жок. Негизгиси эл сыйласын. Сөзсүз картайганда сыйлык алыш керек дегенге кошулбайм. Эмгекке жараша баа бериш керек. Жаштарга берилип жатса, демек аларга буйруган экен. «Чыныгы бакыт бул — жүрөктүн тынчтыгы» деген сөзгө кошулам. Эгер жан дүйнөң тынч болсо, сенден өткөн бактылуу жан жок.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache