Шашылыш кабар:

Бишкекте ачык маалыматтар саясатын ишке ашыруу талкууланды

Январь 12, 2018 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
28

Бүгүн, 12-аянварда, ачык маалыматтар саясатын ишке ашырууда пилоттук министрлик жана мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Жолугушууда мекемелерде камтылган баштапкы маалыматтардын мүнөзү жана форматы, алардын жаңыртылып турушу, «Түндүк» мекеме аралык электрондук карым-катнаш тутумунун колдонулушу жана техникалык адистердин болушу тууралуу талкуу жүрдү.

Аны менен катар эле ачык маалыматтар саясатын ишке ашыруу боюнча мекеме аралык жумушчу топтун курамына ар бир мамлекеттик органдан талапкер болгон кызматкерлердин тизмеси такталды.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын декабрь айында ачык маалыматтар саясатын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн, анын курамына мамлекеттик органдардын, донордук уюмдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *