Шашылыш кабар:

Ишкерлер: Бажы кодекси бизнес үчүн ыңгайсыз

Январь 12, 2018 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
31

Ишкерлер Евразия Экономикалык Биримдигинин Бажы кодексине кирген өзгөртүүлөрдүн айрым талаптары бизнес үчүн ыңгайсыз болуп жатканын айтышууда.

Жеке ишкер Уран Ниязалиевдин айтымында, чет мамлекеттен келген жабдууларды бажы казматкерлери 90 күнгө чейин кармап турууга укуктуу. Бирок көзөмөл иштерин тездетсе болот. Ошондуктан Бажы кодексинин айрым талаптарын өлкөнүн шартына ынгайлаштырып өзгөртүү туура болот.

Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын укук башкармалыгынын улук инспектору Нурбек Зарылбеков Бажы кодексине кирген өзгөртүүлөр бажы декларациясын тастыктаган кагазга документ тапшырууну жокка чыгараарын белгилейт.

Маалыматка ылайык, Бажы кодекси бажы казматкерлеринин көзөмөлүсүз эле товарларды экспорттоого шарт түзөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *