Шашылыш кабар:

С.Исаков Таласта 4 баланы жалгыз өстүрүп жаткан энеден кабар алды

Январь 12, 2018 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
30
Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 12-январда, Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Манас районунун Үч-Коргон айылында жашаган, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн катарына кирген Бопушева Аселдин үй-бүлөсүнөн кабар алды.
Бопушева Асел 4 баланы жалгыз тарбиялоодо, бардыгы мектепте окуйт. Ал билими жоктугуна байланыштуу эч жерде иштебейт. Өздөрүнө тийиштүү турак жайы жоктугуна байланыштуу батирди ижарага алууга муктаж. Үй-бүлө социалдык жактан аялуу катмарга кирет.
Сапар Исаков энеге материалдык колдоо көрсөтүп, балдарга белектерин тартуулады жана жылуу сөздөрүн айтты, аны менен катар тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүүсүн тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *