Шашылыш кабар:

Мамлекеттик тарых музейи март айында ачылат (сүрөт)

Январь 12, 2018 | жарыялаган Бахар Хакимова
35

Жаңыланган Мамлекеттик тарых музейинин ачылышы 2018-жылдын март айына пландаштырылууда. Бул боюнча өлкө башчынын аталган музейдин курулуш иштери менен таанышуу учурунда маалым болду.

Бүгүн, 12-январда президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейинин курулушунан кабар алды. Ал музейди керектүү экспонаттар менен толуктоо керектигин айтты.

Музейдин ичи – дубалдары, имараттын чатыры толугу менен оңдоп-түзөлдү, инженердик тышкы жана ички коммуникациялары толук алмаштырылды, жабдыктар жана медиалык комплектациялар орнотулду.

Мындан тышкары кыргыз, орус, англис, немец, араб тилдериндеги электрондук аудиогиддин тасмасын жазуу иштери жүрүп турат. Витриналарда жайгашкан бир катар бөлүмдөр учурда оңдолуп-түзөлүүдө.

Музейге бир эле учурда 7 миң колдонуучуга жете турган wi-fi кошулган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *