Шашылыш кабар:

Аскер аба күчтөрүнүн учкучтары машыгуудан өтүштү

Январь 12, 2018 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
30

Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн учкучтары Ан-26 учагында жана Ми-8 МТВ тик учагында кышкы аскердик даярдык машыгуусуна катышты. Алар “Кант” аэродромунан Ош шаарынын аба майданына машыгуу учуусун аткарышты. Бул тууралуу  КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Машыгуу алкагында Ан-26  учагынын учкучтары аба-ырайынын катаал шартында абага көтөрүлүү, кайра кондуруу, күтүүсүз кырдаалдарда экипаждын ыкчам аракети, ошондой эле,  аэронавигациялык жабдуулар менен учактарды башкаруу ыкмаларын өздөштүрүштү.

Ал эми аскердик авиациянын учкучатар курамы Ми-8 МТВ тик учагы менен Ала-Арча капчыгайында деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикетги тоолуу аянтчаларга конуу боюнча машыгууларды аткарышты. Мында учкучтарга шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен катаал шартта тик учакты башкаруу ыкмаларын үйрөнүүгө мүмкүн болду.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *