Шашылыш кабар:

Ошто элиталык 10 кабат үйдө чыр чыкты

Январь 12, 2018 | жарыялаган Арген Нуров
137

Ош шаарында 10 кабаттуу жаңы курулган үйдө чыр чыкты. Жердин ээси үй курган компания   келишимдеги сумманы төлөбөй койгонун айтып чыкты. Тараптардын чыры учурда облустук сотко чейин жетти.  

 

2016-жылы апрель айында Ош шаарындагы “Кыргыз-Кербен” жоопкерчилиги чектелген коомуна “Южремстрой” ААК 28 сотых жер сатууга келишим түзгөн. Ага ылайык, жер базар баасында 567 миң АКш долларына бааланган. Макулдашууга ылайык, жер ээсинин эсебине 11 млн сом каражат которулган. Жердин 1 кв метри 8794 сомдон эсептелген. Андан соң курулуш иштери жүрүп, 10 кабат үй курулуп бүткөн соң 2017-жылы тараптардын ортосунда келишпестик чыгат. “Южремстрой” ААК маалымат жыйын куруп, анын жетекчиси Рустам Нурматов куруучу компания өзүм билемдик менен 10 сотых жерди кошуп алган деп айыптады.

-“Кыргыз-Кербен” ЖЧКсы кошумча келишимди жокко чыгарып бергиле деп сотко кайрылган. Сот 1-декабрда биздин келишим бузулсун деп чечим чыгарып жатат. Биз ага макул эмеспиз. Сот биз айткан дооматтарды кабыл албай койду.

Бирок “Кыргыз Кербен” ЖЧК маалымат тараткан жер ээлеринин пикири туура эмес деп билдирет. Айтымдарында “Южремстрой” ААКсы биринчи болуп баштапкы келишимди бузган. Алар 2017-жылы май айында кошумча келишим түзүп, 10 сотых жердин кв метрин 131 миң сомго көтөрүп салган. Буга макул болбогон компания өкүлдөрү райондор аралык сотко арыз жазган. “Кыргыз Кербен” ЖЧКсынын жетекчиси Жолон Абдуллаев жер ээлери келишимдеги мөөнөттө жерди мыйзамдуу өткөрүп бербей койгон дейт.

-“Южремстрой” ААК азыркы күндө көрсөткөн дооматтар негизсиз жана чындыкка жатпайт. Эмнеге алар 28 сотых жерди келишимдин негизинде өткөрүп берген эмес? Ушуга байланыштуу бизде чечилгис көйгөйлөр болуп жатат. Ушул себептүү эки ишкананын ортосунда сот жүрүүдө. Соттун чечими чыккандан кийин биз ошого карап иш алып барабыз.

Келишимдер бузулган соң “Кыргыз Кербен” ЖЧКсы Ош райондор аралык сотуна кайрылган. Сот 2017-жылы 1-декабрда кийин түзүлгөн кошумча келишимди жокко чыгарган. Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов тараптардын соту боюнча буларга токтолду.

-“Кыргыз Кербен” ЖЧКсы келишимдерди сактап, милдеттенмелерди аткарып акчаларын которгон. Бирок “Южремстрой” ААКсы ушул күнгө чейин өткөрүп бербей созуп келип, кыйын абалга дуушар кылып, 2017-жылы май айында кошумча келишим түзүп, 10 сотых жердин 1 кв метрин 131 миң сомдон сатып алууга аргасыз кылган. Ошонун негизинде сот кошумча келишимди жокко чыгарган.

Учурда иш облустук сотко жетип, териштирүү иштери жүрүүдө. Оштогу элиталык деген турак-жайдын курулушу аягына чыгып, сентябрь айында расмий ачылышы болуп, андан бери батирлер сатылып бүтүп калды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *