Шашылыш кабар:

Ысык-Көл: Таза абанын сатылуусу туристтерге жарнама

Январь 12th, 2018 | by Гулжамал Асанкадырова
Ысык-Көл: Таза абанын сатылуусу туристтерге жарнама
Экономика
0

Эки жылдан бери Кыргызстандын абасы консерва түрүндѳ сатылып келүүдѳ.  Бир банка таза абасынын баасы 200 сомду түзѳт. Учурда ири кѳлѳмдѳ буйрутма кѳп болбосо да, туристтерди кызыктырган суроо талап бар. Бул долбоордун түзүлүүсү жана негизги максаты тууралуу демилгечи  Максим Боровик менен болгон маекте тѳмѳндѳгүдѳй жооп берди.

Саламатсызбы, Максим мырза, Кыргызстандан абасы, анын ичинде Ысык-Кѳлдѳгү тоонун таза абасын биринчилерден болуп сатыкка чыгарып жатасыздар. Бул иш аракеттин негизги идеясы кимге таандык жана максаты эмнеде?

-Долбоордун үстүндѳ 2016-2017-жылдан бери иштеп келүүдѳбүз. Бул багытты тандап алганыбыздын себеби, сырттан келген туристтер жакындарына  тарелка же башка идиштерди белек катары алып кетишет. Ошол себептен ѳзгѳчѳ белек жасоо максатында Ысык-Кѳлдүн эс алуу жайларын, тоолорун таза аба курчап тургандыктан, таза абаны даярдап чыгарууну чечкенбиз. Бул сувенирди мен ойлоп чыктым. Ал эми негизги идея 1960-жылдары Францияда пайда болгон. Биз андан технологиялык жактан бир аз айырмачылыкта заман талабына ылайык ѳндүрүп чыгардык. Ошол эле учурда Американын Лос-Анджелес шаарында консерва идиштери таштандыга чыгарылса алар кайрадан толтурулган абаны иштеп чыгарышат.

Демек бул долбоорду 2016-жылы ойлоп таап, азыркы күнгѳ чейин иш-аракетти улантып жаткан экенсиздер. «Ысык-Кѳлдүн таза абасы» деген сувенир азыркы тапта кѳбүнчѳ кимдерди кызыктырып жатат?

-Кѳпчүлүк учурда туристтерди кызыктырат, алар мекенине кайтаарда ѳздѳрү менен кошо  алып кетишет. Бул жѳн гана тамашалуу сувенир болгондуктан Ысык-Кѳлдүн жээгинен 35 пайыз гана аба алынат. Даанасына канча пайыз аба толтурулганын айтууга мүмкүн эмес. Эӊ негизгиси сырттан келген меймандарга жагымдуу жылмаюу тартуулайт.

Атайын идиштерге таза абанын чыгарылышы алгач сыноодон ѳтсѳ керек. Негизи эле ушул маалда суроо талап, баалары кандай?

-Биз эки жыл мурун сыноо ирээтинде  банкаларга чыгарып кѳргѳнбүз. Анда алгач «Кыргызстандын абасы» деген ат менен чыкса, кийинчэрээк «Ысык-Кѳлдүн таза абасы» деп ойлоп таптык. Тагыраак айтканда, бир банка аба 200 сомдон сатылат. Азыркы тапта ири кѳлѳмдѳ буюрутма болбосо да, аз аздан суроо талап бар. Кѳптѳгѳн дүкѳндѳр жана тоо лыжа базасы менен иштешүүдѳбүз.

Демек Кыргызстандын таза абасы деген туристтер үчүн бир четинен жарнама, бир жагынан позитивдүү маанай тартуулайт экен. Тагыраак айтканда, сувенир катары таза абаны канча кѳлѳмдѳ ѳндүрүп жатасыздар? Негизи эле келечеги барбы, алдыга коюлган пландарыӊыз менен бѳлүшѳ кетсеӊиз?

— Мен канча кѳлѳмдѳ ѳндүргѳнүбүздү болжолдуу түрдѳ дагы айта албайм. Себеби 4 мезгил бою даярдап чыгарбайбыз. Болгону жай мезгилине чукул даярдоого камылга кѳрүп баштайбыз. Жалпылап айтканда 3 кызматкер жумуш алып барабыз. Келечекте бул долборду ѳнүктүрүүгѳ планыбыз бар. Ал үчун азыркы күндѳн тарта Кыргызстандын ичине сувинерлерди жарнамалоо керек. Эгер сырттан келүүчүлѳр белек катары товарды жакшы алса туристтик бизнеске айланат. Ошел себептен бул теманы улантуу үчүн ѳнѳктѳштүк издейбиз.

Маалыматыӊыз үчүн ыразычылык билдиребиз. Биз менен Ысык-Кѳлдүн таза абасын биринчилерден болуп сатыкка чыгаруу идеясын көтөргөн автор Максим Боровик баарлашты.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache