Шашылыш кабар:

Салык төлөө электрондук ыкмага өткөрүлөт

Январь 12th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Салык төлөө электрондук ыкмага өткөрүлөт
Экономика
0

Өкмөт салыктарды электрондук негизде чогултууну демилгелеп жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралган. Мында салык тармагын электрондук тейлөөгө, анын ичинде электрондук эсеп-фрактураларды колдонууга өткөрүү камтылган. Эми бул тартип кирсе кандай өзгөртүүлөр күтөлөт?


Жогорку Кеӊеште «Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол өттү.

Иш-чарага парламент депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышты.

Белгилей кетсек, Өкмөт тарабынан сунуш кылынган мыйзам долбоорунун негизги максаты,  салык тармагын электрондук тейлөөгө өткөрүү болуп саналат.

Эл өкүлү Дастан Бекешев мында ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттердин, ошондой эле башка өлкөлөрдүн товарларын көзөмөлгө алууга шарт түзүлөт деди.

-Бул иш-чарага катышуучулар талкууга жигердүү катышып берип, өз пикирлериңирди айткыла. Эгерде кимдир бирөөдө жазуу түрүндө сунуштар болсо, кабыл алынат. Анын үстүнөн карап чыгабыз.

Ошондой эле, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамга да айрым бир түшүнүктөрдүн маанисин тактоо жаатында түзөтүүлөр киргизилип жатканы белгилүү болду.

Андан тышкары, инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүү жакты сынактык тандоо усулу өкмөт тарабынан аныктала тургандыгы тууралуу жобо да сунушталууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин пикиринде, инвестициялык долбоорлор боюнча мамлекет үчүн маанилүү болгон чечимдердин кабыл алуу жүрүмүн кыйла тездетет.

“Интернет саясаты боюнча жарандык демилге” коомдук уюумунун жетекчиси Татту Мамбеталиева ачык иштеген ишкерлер адилетсиз эле көп салык төлөп жатканын кабарлады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө базарларда салыкты чогултуу да адилетсиз бөлүштүрүлгөн. Кыргызстанда салык мыйзамына көп эле өзгөртүүлөр киргизилип, бирок анын натыйжалуу таасири көрүнө элек.

-Биз республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн өзгөртүлгөндөгү жакшы көрсөткүчтөрүн көрө элекбиз. Салык мыйзамдарын өзгөртүүгө жакшы реформалар болгон. Жол куруу, пенсияны көтөрүү ушул сыяктуу темалар азыркыга чейин актуалдуу. Ошондуктан киреше көп табуунун үстүнөн иштеп жатабыз. Азыр ачык айкын иштеген ишкерлер көп салык төлөп жатат. «Технодом» соода түйүнү жылына 40 млн сом салык төлөсө, ошондой эле соода түйүнү 2 млн сом салык төлөгөн учур бар. Мында салык төлөөнүн айырмасы чоң болуп турат. Ошондуктан техника өнүгүп жаткан учурда салык төлөөнүн жолдорун өзгөртүүнү сунуштайбыз. Биз салыкты көбөйтүп же жаңы түрүн киргизбейбиз. Болгону теңдик жаратуу керек.

Салыктын көптүгүнөн «Технодом» соода түйүнү Кыргызстандын рыногунан чыгууну пландаштырып жатканын Татту Мамбеталиева кошумчалады.

Тегерек столдун жүрүшүндө Экономика министри Артем Новиков иштеп жаткан мыйзамдын кемчилик жактарын атады.

Мурда ал ишкерлердин салыктан качуусуна мүмкүндүк берген бир нече схема бар экенин айткан, анын ичинде эсеп-фактурасын толтуруудагы өзгөчөлүктөр, ошондой эле, кошумча нарк салыгын төлөөгө тийиш болгон ишкерлердин патент алышы да бар.

-Өткөн жылы эсеп-дүмүрчөктөрү мыйзам бузган 423 субьект катталган. Андан келтирилген зыян 446 млн сомду түздү. Министрлик бар катар ишканаларга салык төлөө боюнча мониторинг жүргүздү. Аларды бири-бирине салыштырганда алардын айрымдары кассалык аппаратар менен иштесе, кээ биринде жок. Кассалык аппараты барлар салыкты үч эсе көбүрөөк төлөйт. Ошондой эле, кафелердин кассалык аппараттары барлар кирешесинин 14 пайызын салыкка төлөшөт. Анысы жок 3,5 пайыз эле салык төлөйт.

Жүк ташуучулар Ассоциациясынын башчысы Гүлнара Ускенбаева салык мыйзамына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөрдүн терс жактарына токтолду.

Биз атаандаштыкка туруштук берүүгө күрөшүп жатабыз. Бирок Экономика министрилиги кошоматтык кылып, биздин аттаандаштыкка карата абалыбызды өзгөрбөйт деп жатат. Эгерде мыйзам кабыл алынса ишкерлер техникан интернет, Салык кызматынын серверине кошула турган эсеп-дүмүрчөгүн сатып алууга туура келет. Эгерде аларды орноткондон кийин бугалтердик программа керек болот. Мындан улам ишкердиктин чыгымы өсүп, биздин атаандаштык түшүп кетет.

Кошумчалай кетсек, аталган мыйзам парламентте биринчи окууда колдоо тапкан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache