Шашылыш кабар:

«Глобус», «Фрунзе» гипермаркеттери жана «Фаиза» кафесине айып салынды

Январь 12th, 2018 | by Бахар Хакимова
«Глобус», «Фрунзе» гипермаркеттери жана «Фаиза» кафесине айып салынды
Кыска кабар
0

Улуттук банк Бишкектеги “Глобус”, “Фрунзе” гипермаркеттерине жана “Фаиза” кафесине 500 содон 3 миң сомго чейин айып салды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Аталган жайлар соода жүргүзүүдө жарандардан 10 жана 50 номиналындагы тыйындарды кабыл албай койгон. Бул “Кыргызстандын Улуттук банкы, банктар жана банктардын ишмердүүлүгү боюнча”, “Административдик жоопкерчилик тууралуу” мыйзамдарды бузууга жатат.

Мыйзам боюнча улуттук сом жана тыйындар өлкөдөгү бардык жайларда төлөө каражаты болуп эсептелет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache