Шашылыш кабар:

Түрк бийлиги дагы 260 кызматкерди жумуштан алды

Январь 12, 2018 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
57

Түркия өкмөтү бир катар министрлик жана Куралдуу күчтөрдө иштеген 260 чакты адамды жумуштан алды. Бул тууралуу бүгүн чыккан Resmi Gazete сайтында жазылды.

Тишелүү буйрук өлкөдө узартылган өзгөчө кырдаал режиминин алкагында ишке ашты. Ага ылайык тизмеге киргендер 15 күн ичинде кызмат орундарын бошотуп бериши шарт. Аларга карата «өлкөдө тыюу салынган террордук уюмдарга тиешеси бар» делген кине коюлган.

Белгилүү болгондой, Түркиядагы 2016-жылдын жайында бийликти төңкөрүү аракети болгон. Андан кийин өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, жүз миңдеген адамдар мамлекеттик жумуштан алынган. Бир катар мектеп жана университеттердин да ишмердүүлүгү токтотулган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *