Шашылыш кабар:

2017-жылы жемкорлуктан өлкө 1,5 млрд сом зыян тартты

Январь 12th, 2018 | by Анара Бакытбекова
2017-жылы жемкорлуктан өлкө 1,5 млрд сом зыян тартты
Саясат
0

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңеште “Республика-Ата Журт” фракциясы коррупцияга каршы саясат маселесин талкуулады. Фракция жыйынында жемкорлук менен күрөшүүчү тиешелүү органдардын өкүлдөрү маалымат берди. Өткөн жылы коррупция боюнча 210 кылмыш иши козголгон. Алардын басымдуу бөлүгүндө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы катталган.


Кыргызстанда өткөн жылы коррупцияга байланыштуу 210 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде парламенттин VI чакырылышынын беш депутатына, эки сотко, бир прокурорго жана төрт министрлик жетекчилерине иш ачылган. Мындан мамлекет 1,5 млрд сом зыян тарткан. Бул тууралуу “Республика – Ата Журт” фракциясынын жыйынында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчисинин орун басары Тилек Чокморов кабарлады.

Анын маалыматында, козголгон кылмыштардын басымдуу бөлүгү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы болуп эсептелет.

210 иштен 72 кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы, мамлекетти чыгымга учуратуу боюнча 32, бажы жана салык төлөмдөрүнөн качуу үчүн 10 иш козголгон. Мындан сырткары,и пара талап кылуу аракеттер да бар. Коррупция боюнча 7 кылмыш иши ачылган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, коррупция боюнча биринчи орунда Бажы кызматы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги турат. Андан кийин Жазаларды аткаруу кызматы, ИИМ, Финансы полициясы, Билим берүү жана илим министрлиги жана Салык кызматы аныкталган. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев билдирди.

Депутат Кенжебек Бокоевдин пикиринде, укук коргоо системасында пара алуу аракети көп. Бүгүнкү күндө Башкы прокуратура жемкорлук менен күрөшүүнүн координаты болуп эсептелет. Мындан сырткары, эл өкүлү  Кыргызстанда акыркы жылдары жасалма паспорттор үчүн эч бир кызматкер жоопкерчиликке тартылбаганын кабарлады.

Бирок Кыргызстанда чоң суммадагы 100 миң доллар параны тергөө башкармалыгынын жетекчиси алып жатып карлмалган. Тарыхта ири көлөмдөгү параны Башкы прокуратура жана укук коргоо органдары алышы жазылып калууда. Анан кантип алар коррупция менен күрөшө алат? Ал эми жасалма паспорттор боюнча резонанстуу окуялар болуп жатса дагы бир дагы чиновникке кылмыш иши козголбогон. Кытайлык жарандар Кыргыз мамлекетинин паспорту менен кармалды. Бул бир эле жолу болгон жок. Бирок иш аягына чыкпай жатат.

Ал эми Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев пара алган учурлар бар экенин жокко чыгарбайт. Бирок ага карабастан жемкорлук менен күрөшүүдө аракеттер бар дейт. Мыйзамсыз паспорттор боюнча иш УКМК өткөрүлүп берилгенин билдирди.

-Ар бир кылмыш иши боюнча өзүнчө карап чыгабыз. Ага жараша чечимдер кабыл алынууда. Биздин коррупцияга байланышкан кызматкерлерди карап изилдеген бөлүм бар. Кылмышына жараша чаралар кабыл алынып турат. 2016-жылдагы мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы 304 жана 314-беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Иш УКМК өткөрүлүп берилген.

Кыргызстан эл аралык «Тransparency International» уюмунун 2017-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, жемкорлук боюнча 176 мамлекеттин ичинде 136-орунда турат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache