Шашылыш кабар:

Айылдан сүйлөйбүз: Алыста калган апкандыктардын арманы

Январь 12, 2018 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
94

“Марал” радиосунун “Айылдан сүйлөйбүз” уктуруусунун бул жолку чыгарылышында Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Апкан айылынын көйгөйлөрү талкууланды. Аталган айыл Сох анклавына жакын жайгашкан. Аймактын көйгөйлөрүн айыл тургундарынын өзүнөн билип көрдүк.

Нурсултан:

— Апкан айылы Өзбекстанга чектеш жайгашкан. Негизги көйгөйдүн бири бул — таза суу. Өзбекстандан агып келген дарыянын суусун тундуруп ичебиз. Дарыяга аялдар кир чайкайт, биз ичкен суудан малда да ичет. Ага кошумча суу жай мезгилинде бир-эки айга токтоп калат. Ал убакта унаа менен ташыйбыз. Оңой эмес. Кошуна айыл менен ынтымак ыдырады. Алар чек аранын жабылганына өчөшүп калгандай. Кээде сууларды тосуп алышат. Таза суу чыгат дешкен, бирок аракет жок.

Санжар:

— Биз жашаган аймакта жумушсуздук маселеси бар. Айыл өкмөттүн имараты айылдан алыс жайгашкан. Банкка барсак, паспорт, пенсияга документ тапшырсак же бир маалымкат үчүн 80 км алыстыкка барууга туура келет. Анын үстүнө жолдор да жаман. Мындан сырткары, айылда оорукана жок. Аялдар төрөттөн көп кыйналышат. Кокус ооруп калсак 100 км алыстыктагы Кадам-Жайга же Баткенге барабыз. Медпункт куруу боюнча долбоорлор жазылганы менен ишке ашпай калып кетти. Мурда чек ара ачык кезинде Сохго барат элек. Ал жак бизден 30 км эле алыс. Азыр Сохго киргизишпейт.

Замир:

— Биринчи эле көйгөй — чек ара маселеси. Өзбекстандын Ленбург айылы менен чектешпиз. Айыл өкмөткө барыш үчүн Баткенди айланып барабыз. Эгер чек ара ачылса 10 мүнөттө жетмекпиз. Айдоо жерлери аз бөлүнгөн. Үй жай салалы десек, жер жок. Жер берсе да башка аймактардан беришет экен. Чоңдор бул көйгөйлөрдү билет, андыктан эч кимге арызданып кайрылган жокпуз. Чек араны жок дегенде биздин айыл үчүн ачып койсо жакшы болмок.

Апкан айылдык кеңешинин депутаты Мадали Жоробаев:

— Таза суу боюнча долбоор даяр. Суу түтүктөрү келген, бирок кыймыл жок. Каражаттын жоктугунан баштаган иш бүтпөй турат. Айылды таза суу менен камсыздоо үчүн канча акча керек так айта албайм. Чек ара ачылса, меселе чечилет. Апкан кичинекей айыл болгону үчүн көңүл бурулбай жатат. Көйгөйлөр тууралуу эч кимге айткан жокмун.

Апкан айылынын башчысы Нурали Мырзаев:

— ФАПтарды реконструкциялоо боюнча иштер токтоп калган. Каражаттын жоктугу башкы себеп. Жооптуу бийлик өкүлдөрүнө айыл маселелерин айтып, кайрылган эмесмин.  Сохко кирүүгө уруксат берилсе жакшы болмок.

Баткен Районунун акими Кеңеш Салихов:

— Көйгөйлөрдү чечүү боюнча аракеттер болуп жатат. Апкан айылын сугат суусу менен камсыз кылыш үчүн насостор коюлуп жатат. Таза суу маселеси айыл өкмөтүнүн долбооруна жараша чечилет. Бирок азыр атайын каражат бөлүнө элек. Чек ара мамлекеттик деңгээлде чечилчү маселе. Аны биз карай албайбыз. Апкан айылынын көйгөйлөрү тууралуу Өкмөткө айтып, эскертип турабыз.

Эгер сиз жашаган аймакта да тынчыңызды алган же түйшөлткөн көйгөлөр болсо, анда «Марал» радиосуна кабарлаңыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *