Шашылыш кабар:

Япон өкмөт башчысы Прибалтика өлкөлөрүнө расмий визит менен барат

Январь 12, 2018 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
40

Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ өлкөнүн 30 ири корпорациясынын жетекчилери менен Прибалтика жана Европа өлкөлөрүн кыдырат.

Алгачкы жолу жасалып жаткан бул визит Эстониядан башталат. Андан ары Латвия, Литва, Болгария, Сербия жана Румынияга барат. Бул сапар алкагында кибер коопсуздук жана Түндүк Корея маселелери да талкууланат.

Ал эми өкмөт башчы Синдзо Абэни коштоп баруучу 30 ири корпорация жетекчилери өз өндүрүштөрүнүн географиясын кеңейтүүнү көздөйт. Анткени Прибалтика тараптан арзан жумушчу күчүн иштетүүгө болот. Ал эми Европадагы экономикалык өсүү япон авто унааларын сатууга жакшы рынок пайда кылат дешет эксперттер.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *