Шашылыш кабар:

Трамп Африка өлкөлөрүнүн жарандарын расалык негизде кемсинтти

Январь 12, 2018 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
61

АКШ президенти Дональд Трамп бейшемби күнү өлкөнүн иммиграциялык саясаты талкууланган жыйында расалык кемсинтүү камтылган сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Washington Post басылмалары жазды.

Президент Трамп GreenCard (Гринкарта) лотереясыны тартипке салуу жана иммиграциялык саясатты жаңылоо тууралуу кеп кылган. Адистер Африка өлкөлөрүнөн келе турган мигранттар тууралуу айта баштаганда, Трамп «биз эмне үчүн ушуга окшогон жарды өлкөлөрдөн адамдарды кабыл алуубуз керек»-деп суроо таштаган. Андан көрө Норвегия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары бизге келсе,-деп кошумчалап өткөн.

Учурда Трамптын бул сөзү кызуу талкууланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *