Шашылыш кабар:

Депутат: Жаңы президенттер Манастын күмбөзүнөн ант бериши керек

Январь 12, 2018 | жарыялаган Бахар Хакимова
65

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Кыргызстандын жаңы шайланган президенттери элге Таластагы Манастын күмбөзүнөн ант берүүсүн демилгеледи.

Ал «жаңы ажону 1 чакырым аралыкта жөө бастырып, Манастын күмбөзүнө жеткиче Манас айтылып турушу керек» деп эсептейт.

Эл өкүлү буга Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун күмбөзүн мисал келтирди. Анын айтымында, убакыт өткөн сайын Каримовдун сөөгү коюлган жер зыярат кылгандардын ордосуна айланат, Манас баатырдын күмбөзүн дагы ушундай деңгээлге көтөрүш керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *