Шашылыш кабар:

Путин Түндүк Корея жетекчисин мактады

Январь 12, 2018 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
146

Орусиянын президенти Путин Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ынды акылдуу саясатчы деп атады.

Путин мындай пикирин ЖМК өкүлдөрү менен өткөргөн жыйынында айтты. Анын пикиринде, АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы кезектеги тирешүүдө жеңиш Ким Чен Ын тарапта болду. «Менин пикиримде, Ким Чен Ын бул партияда жеңүүчү болду. Ал өзүнүн стратегиялык милдетин аткарды. Себеби анда 13 миң км узактыкка чейин жете турган ядролук куралы бар»-деген Владимир Путин.

Ошондой эле ал Түндүк Корея жетекчисин «өтө билимдүү жана кыйын саясатчы»-деп кошумчалап өткөн.

Буга чейин АКШ президенти Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын бири-бирине кайым айтышып, ядролук курал колдонуу тилектерин да билдиришкен эле.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *