Шашылыш кабар:

Астанадагы катуу шамал жана бороондон 18 адам жабыркады

Январь 12, 2018 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
30

Астанадагы 11-январда болгон катуу шамал жана бурганактан 18 адам жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип, «Интерфакс-Казахстан» басылмасы билдирди.

Медиктердин айтымында, тез жардам аркылуу беш жаран ооруканага түшкөн. Ал эми 13 жаран өздөрү келип кайрылышкан. Алардан 17 кишиге баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган.

Маалым болгондой, Астанада кечээ катуу шамал жана бурганак болуп, калаада өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ал эми аба майдандар убактылуу жабылып, ишканалар да жумушун токтоткон. Астананын акими Асет Исекешев мектептерди да убактылуу жабуу чечимин кабыл алган.

Учурда Астанадагы эл аралык аба майдан өз нугунда иштөөдө. Ал эми калаадагы табият кырсыгынын зыяндары эсептелип чыгууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *