Шашылыш кабар:

Шекер айылына «Чыңгыз ордо» комплекси курулат

Январь 12, 2018 | жарыялаган Бахар Хакимова
73

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган айылы Шекерге «Чыңгыз ордо» мемориалдык комплекси курулат. Аталган жайдын жалпы аянты 20 гектарды түзүп, жалпы чыгымы 300 млн сом деп болжолдонууда.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов билдирди. Министрдин айтымында «Чыңгыз ордо» өтө чоң долбоор жана ал качан курулуп бүтөөрү азырынча белгисиз. Жазуучунун атын алган ордо Чыңгыз Айтматовдун атын гана даңазалабастан, туристтик жайга дагы айланат.

— Шекер айылы Айтматовду, Кыргызстанды даңазалоонун, туристтик жана руханий потенциалын жогорулатуунун аймагы болуп калат.

«Чыңгыз ордонун» курулуш  иштери жазга жуук башталаары белгилүү болду. Султан Жумагулов ошондой эле  быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилөөгө бюджеттен 80 млн сомго жакын каражат каралганын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *