Шашылыш кабар:

Акматалиев: Атамбаев бийликке кийлигишпесе фракцияларда ырк кетет

Январь 12th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Акматалиев: Атамбаев бийликке кийлигишпесе фракцияларда ырк кетет
Кыска кабар
0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликке кийлигишпесе фракцияларда ырк кетет. Анда Сапар Исаков жалгыз калат. Андыктан Атамбаевдин өлкө саясатына аралашып турганы жакшы. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Акматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Акматалиевдин баамында, өлкөнү башкаруу акырындык менен президенттин колуна өтүүдө. Алсак, мурда өзү иштешип жүргөн адамдарды кеңешчи кылып тандап жатат. Ал эми Кыргызстанды башкарууга Атамбаев канчалык таасир берип жатканы убакыттын өтүшү менен белгилүү болот.

«Конституцияга өзгөртүү киргизилгенден бери премьер-министрдин мүмкүнчүлүгү кеңейди. Ал президентти да өз ордуна коюп коё алат. Бирок карама-каршылык жаралбайт. Анткени Өкмөттүн 90 % КСДПдан куралып жатат. Президент менен премьер-министрди саясий кызыкчылык бириктирип турат»,- дейт Акматалиев.

Мындан сырткары, эгер ката кетип, Кыргызстандын экономикасында жылыш болбосо КСДП уят болоорун саясат талдоочу белгиледи.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache