Шашылыш кабар:

Ашхабаддагы базарларда соода дээрлик токтоду

Январь 12th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Ашхабаддагы базарларда соода дээрлик токтоду
Дүйнө кабарлары
0

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддагы базарларда соода дээрлик токтоду. Буга сатып алуучулардын жоктугу себеп болууда.

Түркмөнстандагы «Азатлык» радиосунун кабарчылары базардагы бааларды билүү үчүн барышканда, соодагерлер соода жоктугун айтышкан.

Сатуучулардын айтымында, мөмө-жемиш же жашылчаларды сатып алуучулар дээрлик жокко эсе. Базарда эң көп нан, канцелярдык товарлар жана аптекадан анча-мынча дары-дармектер гана өтүүдө. Жергиликтүү калк муну азык-түлүккө болгон баанын кымбатташы менен түшүндүрдү.

Буга чейин Түркмөнстанда жаңы жыл алдында азык-түлүк жетишсиздиги байкалганы айтылган. Анын айынан бардык товарлар бир канча эсе кымбаттаган. Ошондой эле күнүмдүк тиричиликте керектүү делген ун, кумшекер азыктарынын таңкыстыгы ар дайым болуп турат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache