Шашылыш кабар:

Каракчылык курал менен тыйылабы?

Январь 12, 2018 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
42

Жыл жаңыраары менен Беловодск айылында үйдү тоноого кирген каракчылардын колунан эки жаран курман болду.  Мындан аз өтпөй тоноочулук фактысы Ош облусунда дагы катталды. Бул сындуу кооптуу  учурларда жарандар өзүнүн коопсуздугун курал алып коргоого болобу?

1-январь түнү саат 4:00 чамасында Беловодск айылындагы бир үйгө беткапчан адамдар тоноо максатында кирген. Ал кылмышкерлер үйдүн жашоочуларына ок атып, андан 69 жаштагы аял жана бир кызы каза болган. Ал эми үй ээси оор жаракат алды.

Кылмышкерлер 100 миң сомдон ашык акча жана алтын буюмдарды алгандан кийин качып кетишкен. Мындай тоноо фактысы Ош облусунда дагы өткөн аптада катталды. Мындай коркутуулар анын ичинде көчө кылмыштуулугу дагы өсүп баратканын эксперттер айтууда. Ал арада Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун Ноокат районундагы үйүнөн мергенчилик эки курал жоголду. Бул сындуу көрүнүштөрдө жарандар өзүнүн коопсуздугун курал алып коргоого болобу? Буга Жамалдинов курал менен коргонуу жагын дыкат карап чыгуу керектигин айтат.

Бүгүнкү күнү үйүн тоноп, үй ээсин сабаган учурлар көп катталууда. Айрым учурда атып өлтүргөнгө чейин барып жатышат. Бирок каракчылыктан коргонуу үчүн жарандардын колуна курал берүү жагын дыкат ойлонуп карап чыгышыбыз керек. Тыйындын эки бети бар дегендей. Муну өкмөт алып чыгышы керек.

Ал эми элдин пикири кандай. Бүгүнкү күнү уруу-кескиден коргонууга даярбы? Калктын басымдуу бөлүгү каракчы кирген үй ээлеринин көбү бай тургандар экенин айтышат. Ал эми жөнөкөй эл куралсыз деле тынч эле жашап жатканын белгилешет. Айрым жарандар курал алып жүрүүгө уруксат берилиши керек деп эсептейт.

Мурунку ички иштер министри Мелис Турганбаев болсо, каракчылардын баш көтөрүп жатканын мамлекет тараптан аларга карата жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин начарлап бара жатканы менен байланыштырат. Ал үчүн милицияны элге мүмкүн болушунча жакын кылуу аракетин көрүшү керек дейт.

Маселенин чыгып жатышына көп себептер бар. Ошондуктан ууру кылгандарга бөгөт коюу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүп туруу керек. Анын бирден бир жолу элге милицияны болушунча жакын кылуу керек. Убагында коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн милициянын күркөлөрү уюшулган. Андыктан бул жерде көп учурда натыйжа менен күрөшпөй, алдын алуу иштерин жүргүзүү керек.   

Ал эми коопсуздук жаатында эксперт Артур Медетбеков эл өзүн курал менен коргонушу керек дегенден дагы алыс. Себеби уруксат берүү жагын дыкат карап чыкпаса, башка кылмыштардын көбөйүп кетүү коркунучун пайда кылыш мүмкүн. Ошондуктан баардык тараптын жоопкерчилигин күчөтүү керек.

Профилактикалык иштерден сырткары жоопкерчилик жагын кароо маанилүү. Себеби жарандарды курал алып жүрүүгө уруксат берсе болот. Бирок аны мыйзамдын негизинде берүү жагын карап чыгуу маанилүү. Себеби бүгүн газ менен резина куралдарды колдонууга уруксат берет. Бирок аны колдонуу, алып жүрүү эрежелерин ар бир жаран билиши керек.

Ошондой эле эксперттер каракчылык, уурулук иштерге жалаң гана жаштар тартылып жатканын айтып коңгуроо кагууда. Бул жаштардын боштугунан пайда болууда дешет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *