Шашылыш кабар:

Кытайлар Кыргызстандын үч шаарын «Акылдуу шаарга» айлантат

Январь 11, 2018 | жарыялаган Анара Бакытбекова
117

«Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei Technologies Co.» компаниясы ишке ашырат. Кечээ, 11-январда кыргыз өкмөтү менен аталган компаниянын ортосунда келишимге кол коюлду. Ага премьер-министр Сапар Исаков, өкмөт мүчөлөрү жана кытайлык компаниянын өкүлдөрү катышты. Тараптар талаштуу деп эсептелип жүргөн маселелер боюнча бир пикирге келишкен. Бул долбоорго Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги жооптуу болот.


«Акылдуу шаар» өкмөттүн «Таза коом» программасынын тогуз долбоорунун бири. Ал шаардын көчөлөрүндө коопсуздукту камсыздаганга жардам берет. Аны менен Өкмөт чоң шаарлардагы жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктаган фото жана видео камераларды орнотууну пландап жатат.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков өткөн жылдын август айынын соңунда «Акылдуу шаар» долбоорун 1-октябрдан тартып Бишкекте пилоттук түрдө киргизүүнү буйруган.

Бирок кечигип болсо да долбоорду ишке ашырууга инвестор табылганын өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди. Ал «Акылдуу шаар» долбоорунун белгиленген бир жарым жыл убакыттан эрте бүтүүсүн каалайт.

-Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда кытайлык компания долбоорду бир жарым жылда ишке ашыраарын билдирди. Мен бул долбоор болушунча эртерээк бүтүшүн каалайм. Анткени жол кырсыгынан адамдар өмүрү менен кош айтышкан учурлар көбөйүп кетти. Бул жумушту акча табуу максатында эмес, жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн кылып жатабыз.

Эми «Акылдуу шаар» инвестициялык долбоорун Кытайдын «Huawei Technologies Co.» компаниясы ишке ашырат. 11-январда Кыргыз Өкмөтү менен аталган компаниянын ортосундагы келишимге кол коюлду. Ага премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү жана кытайлык компаниянын өкүлдөрү катышты. Тараптар талаштуу деп эсептелип жүргөн маселелер боюнча бир пикирге келишкен. Бул долбоорго Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги жооптуу болот.

Алгач долбоор Бишкек жана Ош шаарында ишке ашырылып, андан соң Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата жана Бишкек-аэропорт «Манас» жолуна фото жана видео камералар орнотулат. Долбоордун жалпы суммасы 60 млн доллар болот.

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ци Дайю аталган мамлекеттин өкмөтү өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүнө жардам берүүсүнө даяр экенин билдирди.

Келишимге кол коюу учурунда Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эсенкул Момункулов Huawei компаниясы Кытайдын мыйзамына ылайык, башка өлкөлөргө инвестиция сала албай турганын билдирди.

Бул жагы компаниянын башка компаниялар менен өнөктөштүгүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Шаарларга жана жолдорго жабдыктарды компания өзү орнотот. «Beijing China Veterans Lingxin Capital Managmant» жумушту каржылайт.  Ал эми «Ака минералз энд майнинг» ачык акционердик коому адистерди окутуу менен алектенет.

Долбоорду ишке ашыруучу кытайлык компаниянын өкүлү Лю Боюйдин айтымында, ишкана «Акылдуу шаардан» акча табууга кызыктар эмес.

Биздин компания мамлекеттик болуп эсептелет. Негизги багыты Кытайдын чегинен тышкаркы аймактарда бизнести өнүктүрүү. Компания колдоого муктаж өлкөлөргө жардам берүү үчүн бүт күч-аракетин багыттайт. Анын натыйжасында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө болот. Кандай болсо да мында биздин эч кандай каржылык кызыкчылыгыбыз жок.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандагы чоң шаарларда коопсуздукту сактоо үчүн «Коопсуз шаар» долбоорун киргизүү пландалган. Буга эки жолу тендер өткөрүлүп, бирок жыйынтыктары жокко чыгарылган. Анткени тендер мыйзамсыз өткөрүлүп, ал боюнча башталган соттук иштер аягына чыга элек. Анын ордуна “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашырылмакчы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *