Шашылыш кабар:

А. Рыскелдиев: «Автоунааларды каттоонун баасы 3 айга төмөндөтүлөт»

Январь 11th, 2018 | by Канай Анаркулов
А. Рыскелдиев: «Автоунааларды каттоонун баасы 3 айга төмөндөтүлөт»
Күн Чабыт
0

Кыргызстанда автоунааларды каттоонун баасы төмөндөтүлөт. Бүгүнкү күндө транспорт каражаттарын каттоо орто эсеп менен 2,5-3 миң сом турат. Эгер жаңы механизм ишке кирсе, бул сумма 1,5 миң сомго чейин төмөндөтүлүүсү күтүлүүдө. Мына ушул теманын алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин башкы адиси Адылбек Рыскелдиев менен маектештик.

Автоунааларды каттоонун баасын төмөндөтүү зарылчылыгы эмнеден улам  келип чыкты?

Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 токтому чыккан. Анын негизинде «Таза коом» “Акылдуу шаар” долбоорлорун ишке ашыруу алкагында, жол эрежелерин бузууларды фото жана видеофиксациялоо ишке кирет. Азыр мыйзам бузган айдоочуларга айып кагазы жөнөтүлгөндө, ал автоунаа катталган адамдарга барып, бир топ көйгөйлөр жаралып келет. Себеби бизде ишеним кат менен же ансыз эле автоунааларды сатып алып айдап жүргөндөр көп. Ошондуктан өкмөт бул маселени жоюу үчүн каттоонун баасын, ишеним каттан да төмөндөтүү талабын койгон. Биз азыр ошону аткарып жатабыз.

Ошондо баасы канча болот?

Азыр ишеним каттардын баасы 700 сомдон баштап, 3 миң сомго чейин барат. Биз иштеп чыккан механизм боюнча, болжолдуу 1500 сомдун тегерегинде жарандар автоунааларын толугу менен өзүнө каттатып, күбөлүк ала алышат. Буга чейин андан 2-3 эсе кымбат болчу. Бул бир эле айып пулду дарегине жеткизүү эмес, ар бир автоунаанын тарых-таржымалын аныктап, баарын ирээтке келтирүүгө да шарт түзөт.

Арзан каттаттуу мүмкүнчүлүгү качан башталат да канчага чейин созулат?

Негизи 1-январдан тарта баштоо планыбыз бар эле. Азыр биз иштеп чыккан документтер өкмөттүн кароосунда. Ал жак макулдугун берсе эле ишке кирет. Белгилей кетүүчү жагдай,  анын мөөнөтү 3 ай гана болот. Ошондуктан бардык жарандарды бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калууга чакырабыз. Буйруса эң кыска мөөнөттө бул иш башталат деген ниетте турабыз.

Автоунаалардын мурунку ээлери табылбай калган жарандар кантет?

Бул чындап азыркы учурдун көйгөйлүү маселеси болуп жатат. Себеби жарандар ишеним кат менен алып алган автоунаалар сот аркылуу камакта, насыяда же күрөөдө болуп калган учурлар катталууда. Андыктан жогоруда айткандай, бардык баш аламан иштер ушулар менен ачыкка чыгат да, жөнгө салынат.

Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache