Шашылыш кабар:

Бөйрөк билинбей дартка чалдыгат

Январь 11th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Бөйрөк билинбей дартка чалдыгат
Дабагер
0

«Марал» радиосунун «Дабагер» уктуруусунун бул жолку чыгарылышында бөйрөк ооруларынын алдын алуу жана дарылоо жолдору тууралуу сөз кылдык. Суроолорго Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери, нефролог–дарыгери  Фарида Байсымаковадан жооп алдык.

Бөйрөк оорусунун пайда болуу себептери…

Жаш балдардын бул дартка чалдыгуусуна бактерия, инфекция, вирустар себеп болот. Мындан сырткары, гепатит В,С оорусу да бөйрөктү жабыркатат. Тилекке каршы, бул дарт эл арасында көп таркап кетти.

Ал эми чоңдорго арасында алкоголдук ичимдиктерди колдонуу, тамеки тартуу бөйрөккө терс таасирин берет. Ооруларды басаңдаткан дарыларды өз алдынча ичкенде да бөйрөк жабыркайт. Жашы өткөн адамдардын арасында кант диабетине чалдыкккандар көп. Бул илдет да бөйрөктү иштен чыгарат. Химикаттарды көп колдонуу башкы себептердин бири.

Оор жүк көтөрүү да дартка чалдыгуунун бир себеби. Жүк көтөргөндө бөйрөктүн ичиндеги майда структуралар ажырап, ордунан козголушу мүмкүн. Абайлап иш кылуу зарыл.

Оору жаш тандабай калды…

Мурда бөйрөк ооруусу менен улгайып калганда оорушчу. Азыр аталган дарт жашарып баратат. Жаңы төрөлгөн балдардын арасында да кездешет. Балдар жөтөлүп, тиштери бузулса көп маани бербейбиз. Инфекциянын айынан тиш бузулат. Демек убагында текшертпесек бөйрөк жабыркашы мүмкүн. Тез даярдалган тамактарды жегенден алыс болгон оң. Ангинаны убагында дарылабаса бөйрөк ооруусуна алып келет.

Оорунун белгилери…

Бул дарттын симптомдору бардык ооруларга мүнөздүү. Ошондуктан көпкө чейин байкалбайт. Алсак грипп сыяктуу эле белгилери бар. Дене табы көтөрүлөт, табити начарлайт, адам арыктап баштайт. Андыктан, сасык тумоого чалдыккандар убагында дарыланбаса, бөйрөк оорусуна өтүп кетиши мүмкүн. Маал-маалы менен анализ тапшырып койгон жакшы.

Дартка чалдыкканга чейин да туура тамактануу зарыл…

Бөйрөгү жабыркаган бейтап майлуу азыктарды, туздуу тамак-ашты аз жесин. Коюу кара чай, кофе, помидордун ширесин азыраак ичип, кара шоколадды жегенден алыс болгула. Жай мезгилинде дарбыз жеген пайдалуу. Бөйгөгү ооруп, кыйналып жүргөндөр жүгөрүнүн чачысын кайнатып ичишсин. Спирт ичимдиктеринен алыс болуп, тамекиден баш тартышсын.

Оорудан биротоло кутулса болот…

Убагында дарылап, дарыгердин көзөмөлүндө болгон бейтап дартынан толук арыла алат. Тиштериңиз бузулган болсо, стоматологго кайрылып, дарылатыш керек. Эгер дарт өтүшүп кетсе, бөйрөк кургап калат. Аны дарылоо эки эсе кыйын болуп, көп каражатты талап кылат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache