Шашылыш кабар:

Президент менен премьердин тирешүүсү жакындадыбы?

Январь 11, 2018 | жарыялаган Анара Бакытбекова
394

Кыргызстанда президент менен премьер-министрдин тирешүүсү жакындап келе жатат. Мындай пикирди саясат талдоочулар айтууда. Буга Баш мыйзамдын күчүнө кирген беренелери негиз болуп, анын натыйжасында эки жетекчинин ортосунда кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн экени боолголонуп жатат.


Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамдын 87-беренесинде өкмөт башчынын ыйгарым укуктары кеңейтилген. Ага ылайык, премьер-министр өкмөт мүчөсүн парламенттеги көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин аны өз чечими менен бошотууга укуктуу болот.

Андан тышкары, өкмөт башчы сунуш кылып, парламент жактырган талапкерди президент үч жумушчу күндүн ичинде кызматка дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет.

Президенттин укуктары демекчи, мамлекет башчы Жогорку Кеңештин макулдугу менен башкы прокурорду дайындайт. Өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын (анын ичинде УКМК башчысын, Коргоо министрин) жетекчилерин, ошондой эле, алардын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот. Учурда аталган кызматтарды мурунку президенттин кадрлары жетектөөдө.

Мындай чечим кабыл алуунун эки борбору кирип калганын жана анын натыйжасында президент менен өкмөт башчынын ортосунда кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн экенин саясат талдоочулар белгилешүүдө.

Саясий аналитик Валентин Богатырев президент менен премьер-министрдин тиреши жакындап келе жатканын айтты.

Өкмөт менен президенттик аппараттын тиреши күчөп келе жатат. Сапар Исаков көз каранды өкмөт башчы болгусу келбейт, андай болууга аны дайындаган адамдар да жол бербейт. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү өз таасиринде кармоо үчүн өтө кылдат, Атамбаевдин кызыкчылыгы бар жерлерге тийбөө менен аракет кылат. Бирок баары бир талашта тараза ташы президент тарапка оойт. Мамлекет башчы менен премьерминистрдин тирешинде Жээнбеков утуп чыгышы мүмкүн.

Ошондой эле, мамлекет башчы өлкө ичинде жана анын чет жерде Кыргызстандын атынан чыгат. Ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, премьер-министр менен макулдашуу аркылуу эл аралык келишимдерге кол коет жана башка көп укуктарга ээ.

Соңку күндөрү ички иштер министри Улан Исраилов кызматтан кетээри тууралуу сөздөр басылмаларда пайда болду. Айрым “Фейсбук” колдонуучулары болсо президент менен премьер-министр ички иштер министрлигине өз кишилерин даярдап жатканын жазышууда.

Анда азыркы министрдин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахмановдун аты аталууда. Министрдин орун басарын президенттин, шаар милициясынын башчысын премьер-министрдин кишиси деп аташкан.

Ал эми Өкмөт башчы Сапар Исаков өнөктөштөр менен иштешүү үчүн мамлекеттин бийлик бутактарынын бир пикирде болушу зарыл деген ойдо. Ал Сооронбай Жээнбековду ага катары көрүп, талаш-тартышка барбайм деген пикирин журналисттер менен баарлашууда билдирген.

-Сооронбай Шариповичти мен абдан сыйлайм. Бул киши биздин президентибиз. Ал абдан кыраакы адам. Орусча айтканда “мудрый” киши. Көп нерсени түшүнөт, абдан тажрыйбалуу. Эч качан аша чаппайт. Аны мен көп жылдан бери билем. Сооронбай Шарипович менин атам менен түштүктө чогуу иштеген.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков ар бир жетекчи өз кызыкчылыгы үчүн эмес мыйзамда көрсөтүлгөн укуктары менен гана иштөөсү керектигин белгилейт.

Мамлекеттик жетекчилер жеке адамдарга карап иш кылбашы керек. Баш мыйзамда жазылган гана укуктардын негизинде иштөө зарыл. Сөзсүз эле тирешип, принцип менен иштешсе, анда мыйзамдын күчү кетип калат. Мунун негизинде жашоо да оңолбойт. Дүйнөлүк практикада мыйзамдын негизинде иштеп, бай мамлекеттер өнүгүп жатышат.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова эки жетекчинин ортосунда эч кандай тирешүү болгон жок дейт. Анын айтымында, тескерисинче кадр саясаты жаңыланып, жаш, билимдүү кызматкерлер жумушка алынууда.

Албетте, ар жумушта кемчиликтер болот. Мамлекеттик кызматкерлерге жаштардын келүүсү жакшы көрүнүш. Азыр президент менен өкмөт башчынын ортосунда эч кандай тиреш жок. Алар өз кызматтарын аткарууда. «Тирешүү» деген сөздү ошону каалаган адамдар чыгарып жатат.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка 2017-жылы 24-ноябрда расмий түрдө киришкен. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясатын улантаарын айткан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *