Шашылыш кабар:

Бактыгулов: Өкмөттө кагаз иштерин азайтуу керек

Январь 11th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Бактыгулов: Өкмөттө кагаз иштерин азайтуу керек
Күн Чабыт
0

Жогорку Кеӊеш 10-январда вице-премьер-министрлик кызматка Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды. Ал жакында эле Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган мурдагы вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун ордуна сунушталууда.

Парламентте депутаттар Дастан Бекешов өкмөт үчүн 4 вице-премьер-министр көптүк кыларын, алардын санын кыскартуу зарылдыгын айтты.  Бирок биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев аткаруу бийлигине 4 вице-премьер-министр керек экенин, өкмөттө иш көп, алтургай жетишпей жатышканын айтты.

Биз ушул теманын тегерегинде Мамлекеттик түзүлүш жаатындагы эксперт Шерадил Бактыгулов менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Вице-премьерлер өкмөттө экономикалык, коопсуздук жана социалдык тармактарды көзөмөлдөшөт. Коопсуздук жаатын учурда премьер-министр өзү карап жаткан экен. Кыргызстандын калкынын санын эске алганда бизге 4 вице-премьер-министр чын эле көптүк кылабы?

Шерадил Бактыгулов: Негизинен демилге жакшы. Бирок депутаттар алдыдагы үч-төрт бакты көрүп эле, ары жактагы токойду көрбөй жатат. Айрымдары «башка өлкөлөрдө бир-эки эле вице-премьер-министрлер иштейт». – деп айтышууда. Бирок аларда бир министрликте экиден министр бар. Анын бирөө өкмөт менен бирөө парламент менен иш алып барат. Ал өлкөлөрдө ар бир министрликтин жана башка мамлекеттик органдардын бөлүм башчылары жогорку кызматтагы адамдар болуп эсептелет. Алар керек болсо парламентке барып, комитеттерге катышып мыйзам долбоорлорун талкуулашат.

Бизде болсо парламент жыйынына мамлекеттик мекемелердин башчылары эмес министрлердин орун басарлары барса депутаттар «жыйынга эмнеге министр, вице-премьер-министр өзү келген жок?», — деп аларды кетирип жиберишет. Эгер биз мамлекеттик мекемелерде иштеген орто кызматкерлеридин кадыр-баркы көтөрбөсөк бизге төрт эмес алты вице-премьер-министр керек болот.

Марал: Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев өкмөттө иш көп экенин, кызматкерлер жетишпей жатканын дагы айтты. Шадиевдин жүйөсү канчалык негиздүү деп ойлойсуз, өкмөттө акыбал чын эле ушундайбы?

Шерадил Бактыгулов: Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны кыскарып калган да. Анын үстүнө ар бир министрликтин, мамлекеттик органдын борбордук аппараты отчетторду эле жазып жүрүшөт. Орто эсеп менен алганда 30-40 чейин отчетторду жазып турушат. Ошол эле эл аралык уюмдарга, өкмөткө, депутаттарга, Жогорку Кеңешке жана комитеттерине. Кагаз жумуш көп болуп борбордук аппарат дайыма эле отчет жазып жүрсө анда ар бир органдын өзүнө бөлүнгөн жумушун ким аткарат? Анткени кайсы бир мамлекеттик мекеменин саясатын жүргүзө турган адамдар кагаз жумуштар менен алек.

Ошондуктан депутаттардан мекемелерден отчетторду азыраак талап кылгыла деп эле сураныш керек. Анткени өкмөттүн кагаз иштери боюнча эрежелери бар анда депутат өкмөткө кат жөнөтсө ага 5 күндөн кечиктирилбестен, эч кандай кезеги жок кайра жооп берилиши керек. Ал эми карапайым жарандар кайрылса 10-15 жумушчу күндүн ичинде жооп берилиши зарыл.

Марал: Төртүнчү коопсуздук маселелерин тескеген вице-премьер-министр 2011-2012-жылдары ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин убагында кошулган экен. Кийин 2015-жылы Темир Сариев өкмөт башында турган бир вицелик жоюлган. Сапар Исаков баштаган өкмөттүн вицелик блогунда чар жайыт саясат жүргүзүлүп жатканы айтылууда. Сиздин пикириңиз кандай?

Шерадил Бактыгулов: Вице-премьер-министрлер эмес мамлекеттик кызматта итштегендердин туруксуздугу чоң көйгөй болуп жатат. Ошол эле депутаттар өзүнүн досунбу же жакынынбы кызматка коём деп аракет кылбаса жакшы болмок. Эгер өлкөнүн кызыкчылыгы биринчи орунда турган болсо ким кайсы кызматка барат ал маанилүү болмок эмес. Бизде болсо көбүнчө өзүнүн адамдарын министрликке, вицеликке коюуга жан үрөшөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache