Шашылыш кабар:

Кышкы Олимпиадага Кыргызстандан 2 спортчу катышат

Январь 11, 2018 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
40

Кыргызстандык лыжачы Тариэл Жаркымбаев Кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Ага ылайык, Жаркымбаев өткөн жылы лыжа менен жарышуу боюнча 5 мелдешке катышкан. Тагыраагы, Бүткүл дүйнөлүк кышкы универсиада, Азия оюндары, Орусиянын ачык чемпиондугу, Италия жана Казакстанда өткөн эл аралык мелдештерге катышып, олимпиадалык квалификациялык баага жеткен. Жаркымбаев Олимдиада оюндарында лыжа менен кыска аралыкка жарышка чыгары маалым болду.

Кошумчалай кетсек, быйылкы Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореяда өтөт. Ага Кыргызстандан Жаркымбаев менен бирге лыжачы Евгений Тимофеев да алган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *