Шашылыш кабар:

Марат Талантбеков: Ырдаганымды Димашка окшоштурушат

Январь 10th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Марат Талантбеков: Ырдаганымды Димашка окшоштурушат
Радио желе
0

“Марал” радиосунун “Радио Желе” программасынын кезектеги коногу ырчысы Марат Талантбеков болду. Жаш ырчынын чыгармачылыгы, өзгөчө стили тууралуу маек курдук.

Алгач сахнага 2012-жылы чыктым… 

— Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айылында төрөлгөнмүн. Жыландан корком, мушташуу жагат. Сахнага биринчи жолу 2012-жылы чыктым. Азыр Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин 5-курсунда окуп жатам. Чынын айтканда эртең менен уктап калып сабактарды калтырып коём. Анткени, түнү менен чет элдик ырларды угуп, карап отура берем.

Ырсыз өзүмдү элестете албайм…

— 2017-жыл тажырыйба топтоонун жылы болду. “Залкар” ырчылар тобунан бөлүнүп, жалгыз ырдоону чечтим. Анткени топ менен иштегенде каражат көп кетет экен. Азыр өзүм баарына жетишип жатам. Көптөгөн ырларды топтоп жүрөм. Алдыда аларды өз стилиме салып ырдап чыгам. Мен өз жашоомду ырга салып коём. Продюссерим да, менеджерим да жок. Чыгармачылыкты тандоодо эч ким түрткү болгон жок. Өзүм келдим.

Ырдоо стилимди казак ырчысы Димашка Кудайбергеновго окшоштурушат…

— Ырдоо стилимди казак ырчысы Димашка Кудайбергеновго окшоштурушат. Биздин эстрада жылдыздарынын чыгармаларына көп деле кызыкпайм. Өзгөчө дүйнөлүк классикаларды ырдайм. Менин стилим ырларга жараша өзгөрүп турат. Мурда «сен ырдабай эле кой» дегендер азыр колдоп калышты. Өзүмдү башкаларга салыштырып көрдүм. Ырчылык колумдан келээрине ишендим. Үнүмө атайын кам көрбөйм деле. Табигый эле үнүм десем болот. Ал эми чач жасалгам солист Кубан Исмановго таандык. Жасалга ар бир ырда өзгөрүп турат.

https://www.instagram.com/p/BdxiLKRFmUr/?taken-by=radio_maral

Идеяларымды баарына айтам…

— Мен идеяларымды баарына айта берем. Алар аткарса да, өзүнүн денгээлинде ишке ашырат. Өзүмө ишенем, ага жараша эмгектенгени аракет кылам. Көздөгөн багытымдын эки тепкичин басып өткөндө гана үйлөнөм. Менин максатым — олуттуу ырларды жаштарга жеткирүү. Ал эми ырларды өзүм тандайм. Алдыды эл аралык деңгээлдеги чыгармаларды аткарып, Кыргызстандын атын чыгарсам дейм.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache