Шашылыш кабар:

Жекшенкулов: Калпак кийсең эле жашоо оңолбойт

Январь 10, 2018 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
158

Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков калпакты герб, гимн, туу сыяктуу мамлекеттик символдорго теңөө боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты.

«Улуттук баш кийим ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунда чет өлкөлөрдөгү иш сапарларында президент, премьер-министр, спикер баш болгон жогорку кызматтагы жетекчилер менен делегация мүчөлөрү калпакты кийишин милдеттендирүү жагы да каралган.

Эл өкүлдөрү демилгелеп жаткан мыйзам дипломатияда кандай кабыл алынаары боюнча мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен маектештик.

Марал: Дипломатияда бардык майда нерселерге дагы өтө чоң менен маани берилет эмеспи. Расмий жолугушууларда калпакты деги эле баш кийимди кийип жүрүү протоколдо кандай каралган?

Аликбек Жекшенкулов: Мен 15 жылга жакын дипломатия жаатында иштегем. Бирок ООНдун жыйынында болобу же башка эл аралык уюмдарда болобу кайсы бир мамлекет жетекчилерине, министрлерине милдеттүү түрдө баш кийим кийгизген өлкөнү уккан эмесмин. Биздин депутаттар кызыктай нерселер менен алек болушат. Учурда тышкы саясатта, ички саясатта же экномикада болобу мындан башка маселе жокпу?

Бир эле мисал. Акыркы эл аралык иликтөөлөргө ылайык биздин мамлекет инвестициялык абал боюнча 123-орунга түштү. Ушундай маселелерди карашпайбы. Ошол эле ак калпакты айтсак учурда кыргыздардын 80-90 пайызы Кытайдын чыгарылган калпактарды кийишет. Сапатсыз, синтетикадан жасалган калпактар. Улуттук ар намыс, патриоттук сезимди ойготобуз десе ушул маселени ойлонушпайбы. Дегиле азыркы бийликтин көп нерсеге көз карашы туура эмес. Мен деле кыргыздын уулумун, кыргызмын, патриотмун, бирок калпак кийгенде эле элдин турмушу өзгөрүп кетеби?

Марал: Документтин демилгечилеринин бири Экмат Байпакбаев «Малайзия, Индонезия, Араб мамлекеттеринин жетекчилери улуттук кийим менен эле эл аралык расмий иш сапарларга чыгып келе жатышат», — деп кыргыз чиновниктери деле бул ишти кылса болоорун айтты. Бул жүйө канчалык негиздүү?

Аликбек Жекшенкулов: Бирок аларда милдеттүү түрдө эмес да. Эгер кайсы бир жетекчи кааласа кийет. Мен деле Австрияда элчи болуп иштегем. Ошондо мен ишеним грамотаны тапшырып жатканда кыргыздын калпагы менен чепкенин кийип баргам. Роза Исаковна ООНдо элечек кийип чыккан. Мисалы элчилер башка өлкөнүн президентине ишеним грамоталарды тапшырып жатканда милдеттүү түрдө калпак кийип, элечек кийип тапшырышы керек десе болот. Президентке, премьер-министрге, спикерге же башка мамлекеттик жогорку кызматкерге туура эмес эле болот. Анткени чоң саммит болуп бардык өлкөнүн башчылары баш кийимсиз, Кыргызстандын гана президенти калпак менен отурса бул кандай көрүнөт?

Малайзия, Индонезия, Араб мамлекеттеринин шейхтери кийип жүргөн кийимдерин кээде кийишет. Бирок чоң расмий иш чараларда улуттук кийимдерин кийип жүргөнүн көргөн эмесмин.

Марал: Жакында эле Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринде итке калпак кийгизген окуя болуп, ал коомчулуктун катуу нааразычылыгын жараткан эле. Сиз саясий, коомдук ишмер катары кастарлуу делген калпактын учурдагы баркы тууралуу кандай ойдосуз?

Аликбек Жекшенкулов: Биз кайсы гана жерге барбайлык калпак кийгизе берип, калпактын баркын кетирип койдук. Аны мончого кийип жатышат. Эми итке кийгизишти. Маселе кур намыстыкта болуп жатат. Андан көрө калпактын маанисин түшүндүрүп, сапатын көтөрүш керек. Калпактын баркын өлкөнүн ичинде көтөрүп алсак жакшы болмок. Президенттердин арасынан калпакты эң көп кийген бул Аскар Акаевич болчу. Ар дайым ак калпакты башынан түшүрчү эмес. Сыртка чыкканда дагы кээде кие койчу.

Ал эми мыйзамда милдеттүү дегенге кошулбайм. Эгер сунуш катарында болсо анда болот. Мыйзам кабыл алынганда эле калпакты мончого кийип, итке кийгизген токтоп калабы? Токтобойт да. Андан көрө калпактын сапатын көтөрүшсүн. Башка мамлекеттен жасалган сапатсыз калпактарга чоң салыктар салынсын. Ал эми Кыргызстанда жасалган калпактарга артыкчылык берилсин.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *