Шашылыш кабар:

Рыспаев: Аймактарды өнүктүрүүдө уюшкандык керек

Январь 10, 2018 | жарыялаган Бахар Хакимова
53

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүүнүн жылы деп белгиледи. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн, 10-январда Нарын облусунун Жумгал районундагы жергиликтүү эл менен жолугушуусунда билдирди.

Президенттин айтуусунда, буйруктун негизинде элеттеги элди таза суу менен камсыз кылуу, сугат маселесин чечүү жолго салынат. Өзгөчө ички миграцияны токтотуу үчүн айыл жерлеринде жумуш орундарын түзүүгө көңүл бурулат. Мындан тышкары, ар бир айылдын экспорттук потенциалын аныктап, орто жана чакан бизнести колдоп, экономикалык жактан өнүктүрүү максаты да коюлган. Ушул теманын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча эксперт Бакыт Рыспаев менен «Күн чекит» программасында маек курдук.

Марал: Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп атап, ар бир аймакты өзүнчө өнүктүрүүгө басым жасалат деп жатат, бирок региондордун көйгөйлөрү кандай болуп чечилет , кошумча каржылоо каралашы керекпи?

Бакыт Рыспаев: Мамлекет башчынын үстүбүздөгү жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп атаганы бизди да кубандырып жатат. Себеби акыркы убактарда социалдык түйүндөр аркылуу да көп кайрылуулар болгон. Эми бул маселе кандай чечилет деген суроо турат.

Менин оюмча, биринчи кезекте өкмөт тарабынан атайын топ түзүлүшү керек. Иш-чаралардын документин кабыл алып, кооз сөздөр жазылган программалар эмес, реалдуу ишке аша турган жолду аныктоо зарыл. Ал үчүн жумушчу топко сөзсүз теоритиктер, практиктер, башкача айтканда айыл өкмөт башчысы, райондун акими болуп бир топ жыл эмгек кылган адамдар, жарандык коомдун өкүлдөрүн кошуу керек.

Марал: Каражат тартуу маселеси кандай болуп чечилет?

Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрөбүз деген донор уюмдар жетиштүү эле, алардын каражатын ушул иш-чарага тартуу керек. Көптөгөн уюмдар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу тутумуна каражат бөлүп турушат. Жергиликтүү бийликтин бюджетин кантип көбөйтүү боюнча окутуулар өтүлүүсү шарт.

Массалык маалымат каражаттарынын баары бир жыл бою атайын көрсөтүүлөрдү чыгарып ошол аркылуу агартуу иштери да жүрсө деген сунушту айтат элем.

Жогорку Кеңеш болсо бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдарды карап чыгып, бир жылы аралыгында ирээтке келтириш керек.

Аймактарды өнүктүрүүдө райондорду, кичи шаарларды өнүктүрүүнү да текши караш туура болот. Себеби бүгүнкү күндө акимдин абалы деле жакшы эмес. Губернатордун да аты эле болбосо каражаты жок, айыл өкмөтүн кызматтан ала албаса эч нерсе чечилбейт.

Марал: Мисал келтирип айтсак, бир айылда ички жолдун абалы өтө начар, же болбосо мектеп авариялык абалда, же таза суу менен камсыз болгон эмес. Конкреттүү айтканда кандай чечилет бул көйгөйлөр?

Бакыт Рыспаев: Бул маселе мындай чечилиши керек. Азыр президент же премьер-министр эл менен жолугушууга барганда жергиликтүүлөр айылдын ичиндеги көйгөйлөрдү айтып жатышпайбы, бул маселелерди чечүү президенттин да, өкмөт башчынын да иши эмес. Алар мамлекеттик деңгээлдеги чоң-чоң маселелерди карайт.

Булар айыл өкмөтү, шаар мэриясы жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын түздөн-түз милдетине кирет. Бирок алар аны чечейин десе бюджетте каралган акчанын көбү милдетинде каралган маселе эмес башка багыттарга бөлүнүп кеткен. Бул мыйзамдагы кемчиликтерден жана айыл өкмөттөрү же болбосо шаар жетекчилиги министрлик, кызматтар, фонддордун ишин жүргүзүп эле саясий жактан да финансылык жактан да тушалып калган. Бул жылы алардын колу-жонун бошотуп, финансылык, саясий жактан өз алдынчалыкты бериш керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *