Шашылыш кабар:

АКШдагы «муз доору»: Парктагы крокодилдер да тоңуп калышты

Январь 10th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
АКШдагы «муз доору»: Парктагы крокодилдер да тоңуп калышты
Дүйнө кабарлары
0

Түндүк Каролина штатындагы катуу сууктан улам,  Shallotte River Swamp Park улуттук паркындагы крокодилдер да муз болуп тоңуп калышты.

Парк кызматкеринин айтымында, крокодилдер катуу суук болгондо атайын уйкуга кетет. Алар уйку учурунда дем алып туруу үчүн тумшугун суудан чыгарып коюп укташат. Андыктан аларды тоңуп калды деп кабатырланууга себеп жок. Күн жылып, муздар эригенде крокодилдер кайра ойгонот, деп кошумчалаган парк кызматкери.

Акыркы жумадан бери АКШда катуу суук болуп, анын айынан 20 чакты адам каза тапты. Айрым аймактарда абанын температурасы -30 градуска чейин түшүп кеткен.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache