Шашылыш кабар:

Айтбаев: Мигранттардын коопсуздугу негизги маселе

Январь 9, 2018 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
74

Москвада Кыргызстандын эки жараны киши колдуу болду. Бул тууралуу КМШ аймагында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш иштерин координациялоо боюнча бюронун директорунун орун басары Аскат Алиев жарыялады. Маалымат боюнча каза болгондор 2017-жылдын 29-декабрында өз үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатышкан.

Кийинчерээк бирөөнүн сөөгүн 30-декабрда Москва облусунун Жуковский шаарында Наркомвод көчөсүндөгү Москва дарыясынын жээгинен балыкчылар табышкан. Экинчиси да ошол эле жерден 7-январь күнү табылган.  Биз чет жактагы журтташтардын коопсуздугу боюнча кыргыз мигранттары менен тыгыз иш алып барган «Замандаш» ассоциациясынын өкүлү Азамат Айтбаев менен маектештик.

Марал: Москвада киши колдуу болгон эки кыргыз жаранын Кыргызстанга алып келүүгө мекендештер акча чогултуп баштаптыр. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында 2017-жылы чет өлкөдөн Кыргызстандын 238 жаранынын сөөгү алынып келинсе, алардын 91 пайызы Орусиядан каза тапкандар экен. Сиздердин ассоциация журтташтар менен тыгыш иштешип келесиздер. Орусиядагы мигранттардын коопсуздугу кандай корголгон?

Азамат Айтбаев: Кыргызстанда миграциянын агымы күчөгөндөн бери алардын коопсуздугу көңүл чордондо болуп келе жатат. Биздин мигранттардын басымдуу бөлүгү азыр Орусия жана Казакстан өлкөлөрүндө жүрөт. Мекендештердин ошол эле иш үстүндөгү коопсуздугу тууралуу дагы бир нече жылдан бери айтып келебиз. Биз сыртка чыгып бараткан мекендештерге башка жердин маданияты, ал жерде өзүн алып жүрүү эрежелерин билиши керектигин эскертебиз.

Марал: Кайсы гана өлкөдө болбосун ал мамлекеттин мыйзамдарын сыйлоо жана аны аткаруу керек деңизчи. Бирок ошол эле Орусияда болобу кыргыз жарандары ал жакта өзүн кандай алып жүрүшү керек жана коопту деп саналган аймактар кайсылар?

Азамат Айтбаев: Негизинен бул чоң шаар болгон Москва. Көпчүлүктү коркуткан скинхеддер (ашынган улутчулдар) бир аз тынчып калды. Ал эми коопту делген жерлер Кыргызстанда деле бар. Ал эми четке чыгып бараткандарга мамлекет тарабынан маалымат берүү иштери аксап жатат. Анткени бир уюм же тиешелүү бир мамлекеттик орган сыртка чыгып жаткан жанагынча адамга маалымат жеткизиш оор. Бирок ошол эле учурда алардын башка өлкөгө кетүүсүн токтото да албайбыз. Жыл сайын 100 миңдеген эмгекке жарамдуу жарандарыбыз окууну бүтүп эле кетип жатышат. Тилекке каршы аларды Кыргызстанда жумушка орноштура албай жатабыз.

Марал: Расмий маалыматтар боюнча 630 миңдей, бейрасмий маалыматтарга таянсак 1 миллионго чукул кыргызстандык Орусияда эмгектенип жүрөт. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон кийин мигранттардын абалы жакшырат деп убадаланган эле. Коопсуздук жагынан алганда биримдик жардам бердиби?

Азамат Айтбаев: Биримдик мигранттардан мурун талап кылынчу документтердин жоюлушу, келишимдин негизинде жумушка орношуу сындуу жактарынан пайдасын тийгизди. Бирок келишимде жазылган бардык нерселер ишке аша элек. Ал эми коопсуздук биримдиктеги ар бир мамлекеттин өз мыйзамдарынын негизинде эле каралат. Коопсуздук өтө начар же абдан жакшы деп айтууга болбойт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *