Шашылыш кабар:

Максат Муктаров: Кытайларга америка акцентин үйрөтүп, жашоого мотивация берем

Январь 9th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Максат Муктаров: Кытайларга америка акцентин үйрөтүп, жашоого мотивация берем
Майда бирок маанилүү
0

Адам өз жашоосунда алдыга койгон максаттары ага жетүүнүн ыкмалары жөнүндө алар жөнүндө дайым ойлонот. Ийгилике кантип жетем, материалдык абалымды кантип чыңдай алам. Жеке жашоомдо, ишимде кантип потенциалымды жогорулатып, кантип кызыктуу өмүр сура алам деген суроолордун тегерегинде алдыда сөз кылабыз.  Бул боюнча АКШ, Германияда билим алган, Орусия, Кытай сыяктуу өлкөлөрдө иштеген Максат Мухтаровду маеке тарттык. Ал азыркы тапта Американын акценттерин кытай элине үйрөтүп жаткан кесипкөй ишмер.

-Чет тилдерин үйрөтүп, жашоого мотивация берип, башкача айтканда “жашоо машыктыруучусу” катары сабактарды өтүп келесиз бул багытты кантип тандап калдыңыз?

-Негизи Кыргызстанга он күнгө командировкага келгемин. Бул иш боюнча бир жылдан бери алактенип келем. Кесибим башка болсо да, мен жакшы көргөн жумуш менен алектенем. Азыркы убакта өзүн-өзү өнүктүрүү дүйнө элдеринин арасында популярдуу болуп кетти. Мен башкаларга мотивация бергенди жакшы көрөм. Менин сөзүм бир адамды өзгөртө алса мен өзүмдү бактылуу сезем. Биринчи кезекте өзүмө максат койдум.

-“Жашоо машыктыруучу” боюнча атайын билим алдыңыз беле, ар ким өзүнө машыктыруучу боло алабы?

-Теманы билиш керек. Мисалы кайнене-келин мамилеси. Көбүнчө жеке өзүм аудиокитептерди угуп жекече өзүмдү өнүктүрдүм, анан кардарларды издей баштадым. Англисче үйрөнгүсү келген кытайларга сабак бере баштадым. Сабак берип  баштагандан кийин алар тил үйрөнүүдөн мурун максатына карай бет алууга мотивация керектигин түшүндүм.

-Азыркы тенденция кандай? Көп өлкөлөрдү кыдырып жүрөсүз, жашоо машыктыруучусуна муктаж адамдар арбынбы жана аны кызматынан пайдалана алышат бекен? Ошол эле убакта Кыргызстанда абал кандай байкап көрдүңүзбү?

-Жашоо машыктыруучу 7 жаштан 70 жашка чейин керек. Бизде көп өнүккөн эмес. Бирок Батышта бул тармак жакшы өнүккөн. Ар бир корпорацияда жашоо машыктыруучусу бар. Америкада бул жаатта жүз жыл мурун иштей баштаган. Күчтүү тренерлер  бар. Адамды ортого чыгарып, жашоосун анализдеп, бат эле адамды өзгөртүп, ою башка адам кыла алат.

-Сиздин кардарларыныз көбүнчө карапайым адамдарбы же ишкерлер, башкаруучулар ж.б?

-Бизге кайрылгандар ар кандай,  карапайым адамдар жана таанымал инсандар, скульпторлор да бар.

Максат Мырза канча жашынызда англис тилин үйрөндүңүз?

-Он жашымда мектепте курска кирип үйрөнө баштагам. Кыргыздар деле англис тилин акценти жок үйрөнө алышат.

-Тилди үйрөнүүгө кызыгуу керекпи?

-Адам эмнени каалаганын билиш керек. Машина, үй бул максат эмес. Чындыгында максатыбызды билбейбиз. Эмне каалайм деген болбош керек. Бул абстрактуу суроо, мисалы бай болушум керек. Абстрактуу нерсени мээ кабыл алалбайт. Конкреттүү нерсе коюп, ага дата коюш керек. Ийгиликтин 80 пайызы психологиялык болуп эсептелет. 20 пайызы сырткы фактордон көз каранды. Ишиниз болбой жатса демек өзүңүздөн. Ал эми 20 пайызы экономика ж.б. Өзүңүздү өнүктүрсөңүз ийгиликке жетесиз. Максатты көбүнчө чөнтөккө карап коюшат. Бирок максат антип коюлбайт. Максат бүт чексиздерди алыш керек. Максатты жазып жатканда элестетесиз, элестете албаган нерсени жасаш кыйын.

-Өнүккөн ири компаниялардын жетекчилерин машыктырганыңыздан соң, жыйынтык кандай болду?

-Жыйынтыгы абдан жакшы болуп жатат. Себеби сабак өтөм, бирок тапшырма бербейм. Тапшырма берүү жана аны аткарбай келүү чоңдорго психологиялык басым болот. Алар чоң кызматта иштегени үчүн убактысы жок. Ошондуктан сабакка калбай келишет.

-Кыргызстанда бул тармак канчалык рентабелдүү жана жашоо машыктыруучусу болом дегендерге кандай кеңеш бересиз?

-Бул жаңы пайда болуп жатат. Кызыксаңыз келечеги жакшы. Жакшы көргөн нерсенизден акча табам десениз максималдуу болот. Жашоо машыктыруучусу кесибинин келечеги абдан кең. Канча жылда үйрөнгөн нерселерибиз эмес, кээде бир тренингден жашообуз өзгөрүп кетиши мүмкүн.

-Сиз Кыргызстанга тез-тез келип турасызбы, сиздин корпоративдик башкаруу менеджменти боюнча тренингден өткүсү келгендер көппү?

-Азыркы учурда Кытайда иштейм бирок, бир жерге байланып калбай, башка жерлерге саякат жасап, тренингдерди өтөм. Албетте Кыргызстанга келип турам. Кыргызстанда кыргыз тилинде сабак өтүп жатам, алгач тренингди үй-бүлөмө, туугандарыма өткөм.

-Бардык адам бактылуу болгусу келет, бирок бактылуу болуунун рецепти барбы?

Бардык нерсеге адам өзү жоопкерчилик алыш керек. Үй-бүлөмө, ишиме, тренингге өзүмдү жоопкерчиликтүү кылам. Бактылуулуктун да планы бар. Мисалы, жаш балдарда үч күчтүү сапат бар. Биринчиси балдар каалаганын жасайт, экинчи жок жерден бактылуу боло алышат. Чоңдор болсо маанайы түшсө бат эле сүйлөшүүнү токтотуп салат. Мындай учурда маанайды бат өзгөртө калып улантып кетиш керек. Үчүнчү жөн тура алышпайт. Балдардан үйрөнүш керек. Анткени биз унутуп калдык. Алар тынбай үйрөнүп турат.

-Энергия кайдан аласыз, дистанциялык сабак өтөсүзбү жана балдарга канча жаштан тил үйрөтсө болот?

-Сабак өткөн соң, адамдардын жашоосу өзгөрүп жатса мен ошондон кубанам, энергия алам. Мисалы бирөө жыйырма жылдан бери маселенин жолун таппай жүрүп, жолун таап алса ал кандай бактылуу болот. Азырынча так дистанциялык сабак жок, бирок элде каалоо бар болгону үчүн Whatsapp группасын ачып иштесек болот. Балдар боюнча өзүм изилдеп көрдүм. Кызым бир жашында англисче сүйлөй баштады. Балдар 2-3 тил кабыл ала берет. Үч тилди бирдей алып кетсе болот. Балдарга үйрөтүш үчүн атмосфера түзүп бериш керек. Мультфильм көрсөтүңүз. Бирок көзөмөл кылып, билим багытындагы мультфильмди тандап бериңиз.

-Адам дайыма негативдүү ойлоно берсе жашоосун өзгөртсө болобу?

-Фокус каякка кетсе, энергия ошол жакка кетет. Фокусунуз негатив болсо, энергия ошол жакка кетет. Бирөө менен урушуп кеттиңби, аны ойлонуп жүрө бербей фокусту бат буруңуз позитив нерсеге ошо менен алектенип кетесиң.

-Кыргызстанда бүгүн өзгөртө турган нерсе барбы, адамдардын көз карашын, мүмкүн бийлик башкаруучуларын дегендей.

-Жакшы суроо. Кыргызстанга салым кошуш керек, кантип өнүктүрүш керек дегенге менин формулам бар. Адам өзүн-өзү сыйласа, бааласа, демек көп өзгөрүүлөр болот. Мисалы өзүмө канча баа берем. Өзүңүздү жогору сыйласаңыз мисалы 10 балл берсеңиз эл аны кабыл алат. Эгер өзүңүзгө 5 балл берсеңиз психология боюнча аны эч ким төрткө түшүрө албайт жана андан көтөрө да албайт.  Ошондуктан Кыргызстан да өзүнө чоң балл бериши керек. Себеби Американы Америка кылган өзү Америка. Алар чыгып өзүнө чоң балл берди, аны эл кабыл кылды. Дүйнө аны көтөрө да албайт, түшүрө да албайт жана сыйлайт. Кыргызстан кичинекей мамлекетпиз, экономика начар деп чектелбей, жогору баа бериш керек. Ошол эле учурда эл өздөрү да өзүн сыйлоону үйрөнүүсү зарыл.

-Бирок ал реалдуулуктан алыс болуп кетиши мүмкүнбү?

-Текебердүү деген бул өзүнө төмөн баа бергендер, себеби башка бирөө басынтып койбосун деп чочулашат. Чындыгында башка бирөө сизди басынтпайт. Ал өзүнүн түшүнүгүндө ошентип кабыл алат. Мисалы мен өзүмөн байкадым. Биринчи бирөөнүн сын-пикири мага тийбейт, маанайым түшпөйт. Мен мурда мактасын деп ойлосом, азыр өзүмдү сыйлаганым өзүмө жетиштүү. Экинчи бирөө мактаса ооп кетпейсиң. Үчүнчүдөн балаңызды, келинчегиңди сыйлай баштайсың, андан кийин Кыргызстанды сыйлай баштайсың. Өзүн сыйлаган башка бирөөнүн ийгилигине да кубана алат.

-Чет өлкөдө президенттер имиджмейкерлер психологдордун жардамы менен иштешет. Ошол эле Кыргызстандагы бийлик башындагылар жашоо машыктыруучуларга муктажбы, керекпи ?

-Аларга өтө керек. Мен акындарга тренинг кылдым, акындык жагын өнүктүрүп кетти. Биз адамды кандай кесип болбосун өнүктүрөбүз, башкача айтканда ички психологиясын өзгөртсөм, калганын өзү кылат.

-Жашоо машыктыруучусу өзү ким, ал эмнени үйрөтөт, жаңы баштагандарга эмне үйрөтөт элеңиз?

-Жөнөкөй эл жашоо стандартынан түшүп кетсе, депрессияга кабылса психологдор жардам берет. Жашоо машыктыруучусу аны да, башка методду да кылат. Ал эми чыныгы жашоо машыктыруучунун иши жөнөкөй адамды жогорку деңгээлге чыгара алат. Максаттарына алып барат. Өзүңдү өзүң бактылуу кыла аласың. Аны башка бирөөдөн күтпөшүң керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache