Шашылыш кабар:

Өкмөт кадр кризисинен кыйналдыбы?

Январь 9, 2018 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
110

Талдоочулар учурдагы аткаруу бийлигинде кадрдык кризис бар экенин, саналуу гана аткаминерлер кызматтан-кызмат алмаштырып жатканын сынга алышууда.

Вицелердин санын кыскартуу сунушталды

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелери боюнча комитети вице-премьер-министрликке сунушталып жаткан Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды. 45 жаштагы Санжар Муканбетов мурдагы вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун ордуна көрсөтүлүүдө. Эгер ал кызматка дайындалып калса өкмөттүн экономикалык тармагын, анын ичинде кирешелер менен чыгашаларды, банк иштерин тейлейт. Өкмөттө биринчи вице-премьер-министрден тышкары дагы үч вице-премьер-министрлер бар. Депутат Алтынай Өмүрбекова вицелердин санын кыскартыш керек деген ойдо.

— Төртүнчү вице-премьер-министрлик кызмат чек ара меселесин жана укук коргоо органдарын тейлейт деп ачылган. Азыр ал маселелерди премьер-министр өзү карап жаткандан кийин бир виценин ордун кыскартып койсо деле болмок.

Сапар Исаков баштаган өкмөт менен алгач биринчи вице-премьер-министр болуп Толкунбек Абдыгулов, күч тармагындагы вицеликке маркум Темир Жумакадыров, экономикалык жагындагы вицеликке Дүйшөнбек Зилалиев, социалдык чөйрөнү караган вице-премьер-министрликке Чолпон Султанбекова келген.

Вице-премьер-министрликке талапкер Санжар Муканбетов

«Исаковдун командасы калбай калды»

Азыр баштагы өкмөт курамынан жалгыз Султанбекова гана ордун сактап келе жатат. Калган бардык вицелер алмашты. Толкунбек Абдыгулов кайра эле Улуттук Банкка төрага болуп кетти. Анын ордуна депутаттык мандатын сактоо менен бирге Аскарбек Шадиев келди. Дүйшөнбек Зилалиев болсо кызматтан кол жууп, анын ордун Дайыр Кенекеев ээледи. Эми Санжар Муканбетов өкмөткө мүчө болгону турат. Саясат талдоочу Марат Казакпаев булардын баарын эске алып, өкмөттүн кадр саясатын сындады.

— Вице-премьерлер блогунда иш абдан чатак. Буга премьер-министр Сапар Исаков күнөөлү. 25-августта парламент бул өкмөттүн курамын жана программасын бекитип жатканда депутаттар «ишти кантип алып кетесиңер?» деп суроо беришкен. Исаков «менде команда бар. Технократтар, жаштар» деген. Анан ЖК колдоп койгон. Бирок азыр көрүп жатабыз кадрларды алмаштырып, түшүрүп жатып эле командасы деле жок калды.

Парламентте да өкмөттүн кадрдык жүрүштөрү сынга алынып, Кыргызстандын тарыхында кадрларга учурдагыдай жоопкерчиликсиз мамиле болбогону айтылган. Маселен Толкунбек Абдыгулов кыска убакыт аралыгында биринчи вице, андан соң вице-премьер болуп дайындалып акыры Улуттук банкка кетти. Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер-министрликтен түшүп Мүлк фондуна барып, көп өтпөй ал кызматын да тапшырды.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев

Өкмөттүн кадр саясатына элдер эмне дейт?

Парламент жыйынында депутат Рыскелди Момбеков бир ууч эле адам жогорку кызматтарда айланып эле иштеп жүрүшкөнүн айтып, анча болду Улуттук банкты Абдыгуловко, Бажы кызматын Кубанычбек Кулматовго 49 жылга ижарага берүүнү сунуштаган. Биз Исаков баштаган өкмөттүн кадр саясатына карапайым элдин пикири кандай экенин сурап көрдүк.

— Жарандар: Орун алмаштырбай эле кетириш керек буларды. Башка жол жок. Кайра эле эс алып келгендей эле айланып жүрө беришет да. Бийлик деген ошол да 300-400 адам бар кайра-кайра эле орун алмашып жүрө беришет. Билимдүү, жөнөкөй адамдар кызматка келген жок. Беркилер болсо бизнесин коргогондор.

Дагы бир жаран: Сапар Исаков жакшы эле иштеп жатат болуш керек. Мисалы мен анын ишин туура деп ойлойм. Жаш кадр болгондуктан кадр саясатын деле туура жүргүзүп жатат. 

Кыргызстанда кадрдык кризис бар экени учурдагы өкмөттөгү жагдай менен дагы бир жолу тастыкталып жатканын айткандар бар. Ушундан улам кадр таңкыстыгын чечүүдө мамлекеттик саясатты жандантуу сунуштары керек дегендер жок эмес. Шаар тургундарынын пикирлерин чогултканыбызда Сапар Исаков баштаган өкмөт курамы жаш экенине басым жасаган көп болду.

— Жарандар: Кадрлар которула бербей туруктуу иштесе жакшы болмок. Иштеп жаткан киши иштей берсин да. Орун алмаша берсе бизге эмне пайда?

Дагы бир жаран: Жаштар келди. Алар эми мурда иштеп кеткен улуулардын сөзүн угуп, кандай максаттары бар өз пикирлерин айтып жатышат. Жаштар келгени бир чети жакшы. Коррупцияга малынбайт, курч. Зилалиев деген гана бир аз ката кетирди. Эми ал деле жаман киши эмес да.

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-январда Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровду кабыл алган. Анда өлекө башчысы мамлекеттик кызматкерлердин резервин түзүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигине токтолгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *