Шашылыш кабар:

Автоунааны газга өткөрүүгө жеңилдик берүү сунушталып жатат

Январь 9, 2018 | жарыялаган Анара Бакытбекова
108

Акыркы күндөрү Бишкек шаарынын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр интернетте жарыяланып, нааразы пикирлер пайда болду. Абанын булганышына Бишкек жылуулук борборунан жана автоунаалардан чыккан түтүн себеп богону айтылууда. Мындан улам парламент депутаттары машиналарды газга өткөрүүнү сунуштоодо.


 Бүгүнкү күндө Бишкекте машиналарга газ баллон жабдыктарын орнотуучу жалпы 20дан ашык ишкана бар. Алардын бири “ATIKER” ишканасы. Бул компаниянын директору Кубанычбек Мийнекеев унааларга эмне үчүн газ баллон жабдыктарын орнотуу керектигин жана анын артыкчылыктарын айтып берди.

-Газ үнөмдүү жана экологиялык жактан таза күйүүчү май болуп эсептелет. Суютулган газ бензинден таза жана жакшы бууланат, мындан улам майлоочу майды суюлтпайт жана булгабайт. Аба менен жеңил аралашып, текши, бир калыпта күйөт. Газдын курамында күйүү камерасынын бөлүктөрүнө жана катализаторго зыян алып келүүчү химиялык күкүрт жана коргошун жок. Газ күйгөндө поршен, клапан, от алдыруучу шамдарда көө пайда болбойт. Анын күйгөнүн үйдө колдонуучу газ плитасы менен салыштырсаңыз болот. Газда бензинге караганда октан эсеби көбүрөөк, 100-105 чейин.

Газ менен бензиндин баасын салыштырып көрсө бир топ эле арзан келет. Азыркы тапта АИ 92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 41 сомдун тегерегинде. Ал эми 1 литр автогаздын орточо баасы 21 сом. Мисалы, 100 чакырымга 10 литр бензин керектелсе, ошол эле аралыкка орточо 12 литр газ кетет.

Унаасына газ баллон орнотуу үчүн кайрылган кардарлардын саны да жыл өткөн сайын арбып жатканын Кубанычбек Мийнекеев кошумчалады.

Кардарлардын бири Самат Эркинбеков бензинди газга алмаштырганына эки ай болгон. Бул аралыкта күйүүчү майга кеткен каражаттын 40 пайызын үнөмдөп калганын билдирди. Ошол эле учурда абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусу азайганына кубанууда.

-Мен жумасында бир жолу унаама газ толтуруп алам. Буга 2000 сомдун тегерегинде каражат жумшалат. Мурун ошол эле аралыкта бензинге 4 миң сомдон ашык акча кетирет элем. Азыр жыргап эле калдым. Башкаларга да сунуштайт элем. Себеби Бишкек жыл өткөн сайын булганып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкекте күнүнө 500 миңдей машине жүрөт. Тилекке каршы, автоунаалар абаны башкы булгоочулардын бири болуп саналат. Бирок алардын саны жыл санап өсүүдө. Ар бир автоунаа башка уулуу заттарды айтпаганда да 1 жылда 1 кг оор металл (коргошун) бөлүп чыгарат. Ал эми экологдордун эсеби боюнча Бишкектин көчөлөрүндөгү автоунаалар жылына 62 тонна зыяндуу заттарды бөлүп чыгарса, борбордогу ТЭЦтен чыккан түтүн 18 миң тоннага барат. Демек ири өнөр жай жок дегени менен автоунаалар абаны булгоого чоң таасир этип жатат.

Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Эргешов газ менен жүргөн автоунаалардын ээлерине жеңилдиктер берилиши керек дейт.

Анын айтымында, газ менен жүргөн автоунаалардын экологияга зыяны аз. Жок дегенде коомдук транпортторду газга өткөрүү керек.

Автоунаалар газ менен жүрсө экологияга зыяны азыраак болот. Бул үчүн автоунаасын газга өткөргөн айдоочуларга жеңилдиктерди беришибиз керек. Мындай кадам башка айдоочуларга стимул болмок. Дизел майы менен жүргөн коомдук транспорттор абага өлчөөсүз зыян келтирип жатат. Аларга тыюу салуу керек.  Мисалы Алматыда дизел менен жүргөн бир коомдук транспорт газ менен жүргөн он унаадай эле зыян келтиргенин аныкташкан. Биз ошол жагын кандай кылып жатабыз? Мен коомдук транспортту толук газга өткөрүү керек деп ойлойм.

Бул сунушка депутат Дастан Бекешев кошулат. Ал заводдон чыкканына 10 жылдан ашкан машинелердин жүрүүсүнө тыюу салууну, гибрид автоунааларды көбөйтүүнү сунуштайт. Буга байланыштуу “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү долбоору парламенттин кароосуна киргизилген. Бирок айрым депутаттардын кызыкчылыгынан улам өткөн жумада аталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралбай калганын Бекешев кошумчалады.

Машиналарга пропан-бутан жана метан газдары колдонулат. Кыргызстанга газ көбүнчө Орусиядан ташылып келет. Болжол менен айына 3 миң тонна автоунаанын газы ташылып келээрин Мунай ташуучулар бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

Эколог Динара Кутманова Кыргызстан Европанын таштанды жайы катары элестетилип бара жатканын айтат. Анын маалыматында, Европа мамлекеттеринде эскирген унаалар Бишкекке арзан баада алынып келүүдө. Себеби, ал жакта унааларды техникалык жактан текшерүү катуу жүргүзүлөт.

Ошондуктан эскирген, жарабай калган  унааларын бизге арзан баада болсо да өткөрүп жиберишет. Ал биз болсо арзан экенине кызыгып, ала беребиз. Кандай күйүүчү майлар келип жатканына жакшы текшерилбей калууда. Мунун баары экологияга зыян тийгизет.

Унаага газ жабдыктарын орнотуу кызматы жана газ толтуруучу жайлар аймактарда жокко эсе. Азыр Ош жана Караколдо гана бар. Кыргызстан боюнча канча пайыз унаа бензинден газга өткөндүгү тууралуу да так маалымат жок. Ошондой эле, жылына канча куб метр газ колдонулары дагы белгисиз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *